Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ : МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ КАЛПЫС КАДАМЫ ҮЧҮН ӨЗҮ УЯТ БОЛДУ


Кыргыз өкмөтүнүн он төрт мүчөсүнүн кызматтан кетүү аракетин саясий чөйрө ар кыл өңүттө талкуулап жатат. Саясатчылардын бир даары муну өкмөт менен парламент ортосундагы саясий оюн катары баалашса, айрымдары бул кадамы аркылуу бийлик өзүнүн жөндөмсүздүгүн дагы бир ирет көрсөттү деп сындашууда.

Жогорку Кеңештин сынчыл депутаттары расмий бийликти тигил же бул маселени бир ыктай чечүүгө жөндөмсүз деп сындап келатат. Мындай пикирди алар он төрт министрдин кызматтан кетүүгө жасаган аракети менен да байланыштырып, ыгы жок аракет катары сыпатташты. Жогорку Кеңештин депутаты, «Демократиялык күчтөр биримдиги» саясий партиясынын лидери Кубатбек Байболов бул кадамдын максаты белгисиз дейт:

- Максаты эмнеде экени түшүнүксүз. Парламентти таратуу керек болуп атабы? Азыр бир дагы сергек, нормалдуу саясатчы буга бармак эмес. Президент өзүнүн айланасындагы бир кишиге байланышкан маселени чече албай атат, жетимиш кишиге байланышкан маселени чече албаса керек.

Президент Курманбек Бакиев парламент өкмөт менен мамилени мындан ары да курчута берсе, Конституциялык укуктан пайдаланууга аргасыз болорун министрлер менен жолугушууда айткан. Депутаттар муну парламентке кыр көрсөтүү ишаарасы катары баалап, бул оюндун сценарийин түзүүгө өкмөткө ыктаган депутаттардын да катыштыгы болушу мүмкүн дешет. Депутат Айдар Керимкулов, тескерисинче, мындай оюнга өкмөттү колдогон депутаттарга караганда, оппозиция көбүрөөк кызыкдар деп эсептейт. Ошондой эле депутат парламент министрлерге мыйзамсыз баа берди деген президенттин дооматына кошулат.

Депутат Байболов министрлер кабинети калпыс кадам жасап алып, уят болду дейт. Саясатчы демилгенин түпкү максаттарынын бири премьер-министр Феликс Куловду арызчылардын арасына кошуу аракети болушу мүмкүн деп болжойт. Ал эми вице-премьер министр Адахан Мадумаровдун айтымында, текскерисинче, премьер министрдин алардын катарына кошулуу демилгесине министрлер каршы болушкан.

Мадумаровдун айтканына караганда, өкмөт мүчөлөрү кандайдыр бир кыр көрсөтүү, саясий оюн жүргүзүү эмес, депутаттар арткан негизсиз дооматка каршы болушкан. Азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн бири да кызматка байланбайт.

Депутат Темир Сариев министрлер өз абийирин сактоо аракетин жасаганы менен, этикалык жактан ката кетирип, президентти уят кылышты дейт:

- Булардыкы көрсө чоң оюн экен. Болбосо, анда мен Эмгек Кодекси менен кетем деген айрым күчтүү саясатчылардын жолуна түшүш керек болчу.

Парламент өкмөт мүчөлөрүнө мыйзамсыз баа берди деген он төрт министр 2-майда президентке кызматтан бошотууну сурап кайрылып, бирок, колдоо тапкан эмес. Өткөн аптада өкмөттүн былтыркы отчетун караган парламент премьер министр менен кошо үч министрге гана оң баа берген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG