Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ : КЫЛМЫШТУУЛУК АЛДЫНДА КОЛ КУУШУРГАН БИЙЛИККЕ ЭЛДИН ИШЕНИЧИ ТҮГӨНҮҮДӨ


Маектешкен Кубат Оторбаев, Бишкек Кыргызстанда оппозициялык күчтөр бийлик өлкөдө демократиялык реформаларды өткөрүү жөнүндө элге шайлоо алдында берген убадаларын аткарбаса, уюшкан кылмыштуулук менен ылым санаган алакасын токтотпосо, 27-майда Бакиев-Кулов тандеминин отставкасын талап кылууга өтөрүн жарыя кылган эле. «Рефора үчүн» оппозициялык кыймылынын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев «Азаттык» менен мамлекеттик телерадиокомпаниянын «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө сүйлөгөн сөзүндө «өкмөттүн да, мамлекет башчысынын да реалдуу программасы жок, булар кокустан тагдырдын тамашасы менен кызматка келип, эмне кааларын билбей жатат” деп сынга алды.

-Сиздер акыркы күндөрдө, атап айтканда 29-апрелде Бишкекте чоң митинг уюштурдунуздар. Эл арасында Өмүрбек Текебаев баштаган саясатчылар президент Курманбек Бакиевден реванш алыш үчүн, жеке мамилесинен улам, ушундай митинг, акцияларды уюштуруп атат деген сөз болуп атат. Ушуга кандай жооп берет элеңиз?

-Мындай жоромол, божомол туура эмес. Бул жерде өз алдынча жетишерлик саясий амбициясы бар саясатчылар, саясий күчтөр, граждандык коомдун өкүлдөрү бириккен. Мен жеке өзүмдүн кызыкчылыгыма, жеке ишиме пайдаланып аларды бириктире алышым мүмкүн эмес. Бул нагыз элдик кыймыл. Биздин март окуялардан кийинки коюлган, андан кийинки коюлган максаттарыбыз боюнча реалдуу реформаларга жетишүү багытында жасалып жаткан кыймыл. Өзүңүз билесин, 8-апрель күнкү закондуулук жана тартип деген митингдин уландысы катары андан ары өркүндөп, өсүп кетип отурат. Ошондуктан бул менден көз каранды эмес кыймыл.

Ал эми мага көз каранды эмес кыймылды координациялап берүү боюнча сунуш түштү, мен бир нече жума ойлондум. Биздин оппоненттер бул кыймылды регионалдык кыймыл катары биз тараптан шайланган президентти иштетпей атышат деген ушактарды таратып жибербесин деген ой менен мен ушуну жетектегенге макул болдум. Мунун катарында ар бир региондон лидерлер, активистер бар. Ошондуктан мен биринчи кезекте тең төрагалыка макул болуп жатканда кыргыз эли билимдүү болсо элек, региондорго, уруу-урууларга бөлүнбөсө экен, бардык улуттук деңгээлде көтөрүлгөн идеялар аларды бириктирсе экен деген оргкомитеттин сунушун эске алуу меен координациялоого макул болгом.

-Өмүрбек мырза, бийлик тараптан мындай пикирлер айтылып атат, ошол реформа үчүн кыймыл коюп аткан талаптарды митинг, акция түрүндө эмес, жазуу, же диалог түрүндө сунуш катары айтышса болбойт беле, сөзсүз эле элди көчөгө алып чыгыш керекпи деген ойлор айтылып атат.

-Митинг өткөрүү бул бардык чаралар көрүлгөндөн кийинки арга кеткендеги форма. Митинг бул пикир айтуунун жана кызматташуунун, диалогдун формасы болот. Элдер өзүнүн санын, чечкиндүүлүгүн, өз ою үчүн куру сөз эмес, конкреттүү кадамдарга даяр экендигин көргөзүүчү формасы. Биз реформа боюнча 10 жылдан бери сүйлөп келип отурабыз. Акыркы бир жылда реформалар боюнча талаптар, сунуштар абдан интенсивдүү жүрүп жатты. Конституциялык кеңешме да түзүлдү, парламенттин байма-бай, кайра-кайра токтомдору кабыл алып, тигил, же бул маселени чечүү боюнча президентке, өкмөткө сунуштар киргизилди. Тилекке каршы, алардын бирөөсүнө да көңүл бурган жок. Үч-төрт сокур саясатчы эмес, алардын артында 10 миңдеген 100 миңдеген адамдар бар. Алар да салабаттуу адамдар, өзүнүн оюн айтпастан, көчөдөн жолуккан жерлерден элдердин оюн жыйнап, ошолорду жыйынтыктап туруп, ошолорду бийлик органдарына айтат. Ошондуктан кечээ 20 миңге жакын адам жамгыр жааганына карабастан кайыл болуп келип, өз чечкиндүүлүгүн, өз эркин мамлекет жана өкмөт башчыларына көргөзүп кайтышты.

-29-апрелдеги митинг өзүнүн максатына жеттиби, жетсе кандай жыйынтыктар болду деп ойлойсуз?

-Мен 29-апрелдеги “Реформа үчүн” митинги өз максатына жетти деп эсептейм. Мен башында эле реформа саясий гана эмес моралдык дагы маани-маңызга ээ деп жарыялагам. Анткени биз элдин мүдөө-талаптарына кайдыгер эмес экенибизди көрсөттүк, тигил, же бул маселелерди көтөрүүдө көзүбүз ачылгандыгын жана өз эркибизди бийликке жеткирүүгө чечкиндүү жана биримдиктүү экенибизди көргөздүк. Биз коррупцияга, кылмыштуулукка каршы өзүбүздүн чечкиндүүлүгүбүздү көрсөттүк. Биз закон менен тартип бүткүл республикада орношун, мыйзам баары үчүн бирдей иштешин кааларыбызды биздин бийлик башындагы адамдарга көргөздүк.

Мен ойлойм, чоң адамдар моралдык бурулуш жасаш керек биздин коомдо. Анткени ушул кезге чейин мынчалык көп адам катышкан оппозициялык митинг өткөрүлгөн эмес. Биз ошол эле Бакиев, Үсөн Сыдыков, баарыбыз биригип 500дөн, миңден ашык адамды Бишкекке алып чыга албайт элек. Азыр жер-жерлерде он миңдеген адамдар катышкан митингдер болуп атат. Биз март окуяларын эмне үчүн жасадык, бир адамды экинчи адам менен алмаштырыш үчүн эмес, реалдуу реформалар болушун каалаганбыз. Биздин турмушубузга жаңы тартиптердин, жаңы мамилелердин келишин каалаганбыз деген ойлорун чыдамсыздык менен айтып отурушат. Ал эми митингге чейин биз болгон мүмкүнчүлүгүбүздүн баарын жумшап, реформа кылганга аракет кылып көрдүк.

-29-апрелдеги митингге президент Бакиев менен премьер-министр Феликс Кулов келди. Президент Бакиев өз сөзүндө айтты, акыркы бир жылда чоң өзгөрүүлөр болуп атат, ошол өзгөрүүлөрдү көрбөгөн саясатчылар сокур саясатчылар деди. Чындыгында эле өзгөрүүлөр бардыр, балким биз көрбөй аткандырбыз?

-Бүгүнкү коомдук мамилелердин табиятын, анын негизин өзгөртпөгөн майда-чүйдө өзгөрүүлөр бар. Аларды тагдыр аныктоочу, мамлекеттин саясатын, келечегин аныктоочу өзгөрүүлөр деп мен ишенбейм. Негизинен радикалдуу өзгөрүүлөрдү талап кылабыз. Бизде мыйзам күчтүү, баш каарман болушун каалайбыз. Бүгүн коррупциялык элементтердин, кылмыш элементтеринин бийликке, коомго болгон таасири күндөн-күнгө күчөп жатат. Биз бул мамлекеттин пайдубалына зыяны, залакасы тие турган чоң негативдүү көрүнүш катары баалайбыз. Ошол жакка чечкиндүү сокку уруш керек деп эсептейбиз.

-Бийлик дагы бир сөз айтып келатат, реформа үчүн кыймыл койгон талаптар акырындап аткарылып атат деп. Мисалы, Азимбек Бекназаров өзүнчө топ түзүп,Конституциянын жаны долбоорун жазып жатат. Эл арасында Адилет министрлиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күзүндө референдум өткөрөбүз, президенттик башкаруу ылайыктуубу, же парламенттик башкаруу ылайыктуубу Кыргызстанга дегендей иштерди жүргүзүп атабыз дейт.

-Акыркы кездерде реформаны башкаруу формасын тандап алуу менен гана байланыштырып атышат. Реформа биздин турмуштун бардык тармагын камтыш керек. Конституцияны өзгөрбөстөн туруп бир топ реформаларды жасаса болмок. Ал эми көптөгөн комиссияларды түзүп, алардын жыйынтыгын угуп, бириң оңдоп атасың, бириң тестеп атасың, мен эмне кыларымды билбей калдым, келгиле дагы Конституция, кеңешме түзөлүк деген тактикага өтүп алдык.

Мисалы, Конституциялык реформа боюнча Жогорку Кеңешке кеңешме түзүп, ал иштеп чыккан проект эл тарабынан талкууланып, эл аралык уюмдардан жакшы баа алды. Андан кийин президент Бакиев төрага болгондон кийин конституциялык кеңешмени 300гө чейин кеңейтип, ал дагы жаңы проект алып чыкты. Ал жарабай калып, эл аралык, ички коомчулук өзүбүз терс пикир айткандан кийин ал жарабай калып, жакында дагы бир комиссия түзүлдү, мына үч комиссия түзүлүп атат. Бул деген биздин эмнени кааларыбызды билбегендигибиз, өзүбүздүн көз карашыбыз, позициябыз калыптанбагандыгын, андан-мындан сурап көрөлүчү деген мектеп окуучусунун позициясында экендигибизди көрсөтүп турат.

Ар бир адамдын, жетекчинин өзгөчө позициясы так болуш керек. Эки жылга созуп отурбаш керек. Президент, парламент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Эгер реформа жүргүзсөк эки жылда конституциялык өзгөртүү киргизет экенбиз, аны мыйзамдарга киргизиш үчүн дагы 3-4 жыл өтөт. Тез аранын ичинде жасасак болмок. Бул деген сөз, бүгүн биздин өкмөттүн да, мамлекет башчысынын да программасы жок экендигин, булар кокустан тагдырдын тамашасы менен кызматка келип эмне кааларын билбегендигинен кабар берет деп мен ачык эле айта алам.

-“Реформа үчүн” кыймыл бир гана Бакиевди сынга алып, ал эми Феликс Куловдун кемчиликтерин көрмөксөнгө салып атат деген да пикирлерди айтышат. Сиздер кечээ жакында өткөн 29-апрелдеги жыйында айттыңыздар, тандем өзүнүн берген убадаларын аткарыш керек, биз тандемдин ошол убадаларын аткарышын, иштешин талап кылабыз деп атасыздар. Кандай ойдосуз, чындыгында эле сиздер Бакиевди эле сынга алып атасыздарбы, же Кулов жөнүндө да сөз барбы бул жерде?

-Биринчи кезекте биз өлкөдөгү саясий экономикалык, социалдык абалга жоопкер институттарды аныкташыбыз керек. Тилекке каршы бүгүн бул аралашып кетти. Президент каалаган убакта өзү адамдарды дайындап, өзү экономикалык, саясат багыты боюнча чечим кабыл алууда. Ошондуктан көбүнесе президентке сөз тийип атат. Анткени, өкмөт мен айтканын жасайм дегенди көргөзүп отурат. Ошондуктан сын өкмөткө дагы тийип атат, сен дагы тың болбойсуңбу, өкмөт дагы өзүнүкүн бербей далилдеп, жоопкерчиликти өзүнө алыш керек деген ой акыркы кездерде айтыла баштады. Ошондуктан 27-майда боло турган митингде өкмөттүн жоопкерчилигине да, ишине да баа берилет деген ойду митингде чыгып сүйлөгөндөр айтты. Ал эми өкмөттүн иши парламентте тынымсыз талкууга алынып, сын-пикирлер айтылып келатат. Жакында өзүңүз көрдүңүз өкмөт мүчөлөрүнүн 70 пайызынын көбүнүн иши канаттандырарлык эмес деп табылды. Бул мамиле жеке мамилелерден эмес, бүгүнкү коомдогу татаал кырдаалдан келип чыгып атат, чечилбеген чиеленишкен маселелердин көптүгүнөн чыгып атат. Биз бардыгыбыз бири-бирибизге ыраазы эмеспиз. Депутаттар бири-бирине, өкмөткө ыраазы эмес, эл бийликке, бизге ыраазы эмес. Анткени жыйналган маселелер чечилбей турат. Албетте, бул 15 жылдан бери жыйналды деп айтып коюп эле четке чыкпай, ошону чечиш керек.

“Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү айтып атабыз, туура, бир жылда өлкөнү чечкиндүү бийиктике көтөрүш керек, бирок силер элге үмүт, ишеним бергиле деп. Эң негизгиси үмүт болсо далай кыйынчылыктарды жеңсе болот, ишеним болсо элде күч, дем пайда болот. Мына ушул ишеним менен дем жоголуп кетип атат. Анткени, кылмыштуулуктун алдында кол кушуруп берип, элдеги үмүттү жоготуп атат. Мамлекет лидерлерине болгон ишенимди жоготуп атат.

-Эл арасында дагы бир түшүнүксүз жагдай түзүлүп атат. Бакиев-Кулов тандеми деген бар, бирок ошол эле убакта Конституциядагы мыйзамдар бар, Кыргызстан бүгүн кайсы эреже менен жашап атат деген сөз бар. Бир караса тандемдин өзүнүн эрежелери иштеп аткандай болот, бир карасаң Конституция иштегендей болот. Тандемдин өзү дагы биз бир саясатты жүргүзөбүз деген менен кээ бир маселелерде алардын пикирлери кайчы келген учурлар болуп атат?

-Пикирлердин кайчы келиши бул табигый нерсе, аны чече билишибиз керек. Аны трагедия кылып, элди, саясий группаларды тирешүүгө алып барбашыбыз керек, бул эң биринчиден. Экинчиден, Конституция Акаевдин убагында да иштеген эмес, азыр да иштебейт. Мен жана айткандай президент өкмөттүн компетенциясынын чегине, кээде мыйзам чыгаруу бийлигинин чегине, бирөөнүн жайытына киргендей болуп кирип, көп маселелерди чечип коюп атат. Конституция сакталган эмес, ал эми тандемдин жоболоруна келсек, ал да сакталган жок. Тандемде өкмөт менен президенттин ортосунда бири-биринин ишине аралашпастан так чек коюп коелук деген шарт болгон. Ал кандай багытта болот, кайсы мөөнөттө жасалыш керек? Мына ошол мөөнөт былтыркы жылдын аягына чейин так чектелиш керек эле.

Ар кимге өзүнүкүн бөлүп берип, сен эмнеге жооп бересиң кандай иш кыласың, талаш маселелер кандай чечилет,- тилекке каршы ушулардын баарын тактайбыз деп берген убадасын аткарышпастан, экөө тең отурушат күз келсин деп. Биз муну туура эмес деп эсептейбиз. Анткени, көп биздин саясатчылар белгилегендей, тандемдин шарттары, Конституциянын жоболору сакталбай жатканы бүгүнкү көп терс көрүнүштөрдүн башаты болуп калып атат.

-Президент, сиз айткандай, өкмөттүн киреше бере турган тармактарын өзүнө алып алды деген сөз айтылып келатат. Мисалы, “Кыргызстан аба жолдору”, Кыргыз темир жолу, бажы, салык инспекциясы сыяктуу чарбалык иштердин бардыгын өзүнө алып алды деген. Мисалы, парламентте ушуга тиешелүү мыйзам иштеп чыгып, чечиш керекпи, же бул маселени сөзсүз Конституцияны оңдоп туруп гана жолго кое алабызбы?

-Бул Конституцияда жазылган, өкмөт мамлекеттик мүлктү башкарат деп турат. Мүлк дегенге финансы да кирет, мамлекеттик ишканалар да кирет. Бизде кадр саясатын жүргүзүүнүн тартиптери да аныкталган. Мекеме жетекчилерин, акимдерди, министрлердин кандидатурасын президентке премьер сунуш кылыш керек. Бул премьердин чечими болуш керек. Президент жактырабы, жактырбайбы ал өз эркин гана билдириш керек. Тилекке каршы, бизде баары теңирден тескери болуп атат. Жогору жактан келет, өкмөт жок дей албай, алың, өтүң деген позиция менен акылдашып, тескери багытта жүрүп атат. Биз мыйзамдуулукка салып, багытын өзгөртүшүбүз керек, төмөндөн жогору кеткендей кылыш керек. Өкмөт чечет, сунуш кылат, президент жактырып көрөт, парламентке берет анын макулдугун алат, анан дайындайт дегендей. Тилекке каршы, бир киши жана анын айланасындагылар чечип калгандыктан бүгүн кадр маселесинде абдан көп кемчиликтер болуп, нааразычылык чыгып атат. Кадр маселеси боюнча караганда, президенттин айланасындагы кээ бир адамдар кызматтан кетсин деп бир нече жолу парламент сунуш киргизген. Президент “мен дайындайм, жок мен укпайм” дейт. Ал туура эмес. Коомдон чыгып аткан сигналдарды президент эске алыш керек. Анткени, ошол адамдар бүгүнкү терс көрүнүштөрдүн атасы катары эл кабыл алып атат, ошолордун символу болуп калып атат. Ал кетмейинче, президент Бакиев саясатын оңдосо дагы эл ишенбейт, баягылар эле отурат, мен ишенбейм, бул бөлүп жаруучулукка, талап тоноочулукка идеолог болуп жүргөн адам бүгүн тынчыганы менен эртең кайра баштайт деген ойду айтышат. Ошондуктан президент канчалык жакын адамдары болбосун кээ бир адамдар менен кош айтышканга барышы керек. Элдин, саясаттын кызыкчылыгы үчүн ырахматын айтып, калпакты кийгизип бошотуп коюш керек.

-Президент өзүнүн сөзүндө айтты өткөндө, коррупциянын деңгээли жогору дейсиңер, бирок мен иштеген акыркы бир жылдан ашык убакыттын ичинде азайды, ага жакшы далил 2 млрд. 300 млн. сом бюджетке түштү деп, коррупциянын азайышын ырастаган факты катары көргөзүп атат. Сиздин оюңузча, былтыркы 24-марттан бери коррупциянын деңгээли кандай, азайдыбы, көбөйдүбү,
кандай абалда турабыз биз?


-Бүткүл Кыргызстан боюнча мыйзамды этибарга албоо, тоготпоо башталды. Бир жыл укук коргоо органдары эмне кыларын билбей деңгиреп калды. Акимчиликтерди, байлыктарды басып алып атышат, үч миңге жакын ар кандай масштабдагы митингдер өттү. Ушундай башаламандык кезде, тартип жок болуп мыйзамдуулук сынып турган кезде, албетте, коррупция күчөйт. Муну карапайым калк билип турат. Бизде жылда бир миллиардга бюджет өзүнөн өзү көбөйүп келип аткан, экономикабыз 5 пайызга жакын өсүп аткан, ушул тенденция байкалып келип аткан. Ушул багытта акча былтыр да, мурдагы жылы да көбөйгөн. Экинчиден, президент бажы тармагындагы көбөйүүнү айтып атат. Чындыкты моюнга алыш керек, ал жактан көбөйдү. Бирок, коррупция азайып калды дегенге мен ишенбейм. Элдин айтымында ал жерде коррупциянын өлчөмү көбөйдү. Өкмөткө президент сураганды берип атат, бирок бул жагын көбөйтүп коюп атышат.

-Өмүрбек мырза, бийлик, президент Бакиев өзү айтып атат, мен оппозиция, “Реформа үчүн” кыймылы менен, бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен качан болсо жолугушканга даярмын деп атат. Өткөндө диалог жүргүзүү максатында бир жолугушуу өттү Кыргыз телерадио компаниясынын имаратында. Сиз диалогго канаттандыңызбы, дегеле бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог барбы азыр,же жокпу?

-Бул бир багыттагы диалог, баарыбыз өз позициябызды айтып, бирок ортодон бир жыйынтык чыгарып бир чечим кабыл ала элекпиз, көрөбүз, ойлонобуз деген сөз. Мен аны 15 жыл Акаевден деле угуп жүргөм. Ал киши чайын берет эле, сүйлөшөт элек, анан тарап кетет элек. Реформа чечкиндүү болуш керек. Биз тандем берген убадаларын аткарышын талап кылабыз. Биз элден уруксат сурашыбыз керек, мындай чоң маселени референдумга алып чыгабыз деп айтышат. Ал эми президенттик шайлоо референдум болгон эмеспи? Президенттик шайлоого эки кагазга кол коюлган келишим менен тандем чыккан, биздин программабыз үчүн шайлагыла деп. Эл президентке, тандемге добуш берип атканда алар эл алдында берген ыйык антын эске алып, алардын программасын эске алып туруп добуш берген. Ошону аткарыш керек. Бүгүн ал антты, келишимди жокко чыгарып, жок биз элге кайрадан сурайбыз дейт. Биз билебиз референдум кандай өткөрүлөт, тилекке каршы бүгүнкү бийлик эски бийликтин референдумга болгон адатын кайра алып атат. Референдум менен чечүү бул бийлик үчүн ар дайым пайдалуу, анткени алар каалагандай чечишет. Референдумдун өтүшүн көзөмөлдөгөн бир да чоң саясий күч Кыргызстанда жок. Биз бир район, облусту көзөмөлдөшүбүз мүмкүн, бүткүл Кыргызстанды көзөмөлдөй албайбыз.

-Сиздер 27-майда дагы бир митинг өткөрөбүз деп жарыяладыңыздар. Ошол митингде кандай талаптар коюлат? Эгер 29-апрелде айтылган талаптар ишке ашпаса мындан дагы катуурак талаптар коюлат дегендей сөз айттыңар. Отставка жөнүндө сөз болуп атабы?

-Ал талаптар так калыптана элек, бирок, албетте, катуурак, радикалдуу талаптар коюлат. Анткени, Президент 20 миң адамды сокур саясат үчүн бул жерге келдиңер деп күнөөлөө менен ашыкча жоопкерчиликти өзүнө алып атат. Биздин оюбуз боюнча, 27-майдагы митингде 50 миңге жакын адам жыйналышы мүмкүн. Акыры президент менен премьер-министр алардын алдында үч-төрт сокур саясатчы эмес, элдин өкүлдөрү тургандыгын, бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан саясатта кемчиликтер бар экенин, ошол кемчиликтерди оңдоо зарыл экендигин алар моюнга алат деп ойлойбуз.

XS
SM
MD
LG