Зигмунд Фрейддин Венадагы үжөрөсүнө “Азаттыктын” кабарчысы Кэтлин Муурду музейдин кызматкери Петер Номайер баштап кирди. Бул жерде ал 1891-жылдан 1938-жылга чейин жашаган.
Музейдин кызматкери Даниела Петриц илимпоздун иш бөлмөсү менен тааныштырып, Фрейд эрте таңда илимий эмгектерин жазып,андан соң ноокастарды кабыл алып, ушу бөлмөдө түштөнүп,түн бир оокумга чейин илмийип иштеп отурганын айтып берди. Фрейд азыркыча айтканда анык “иш жиндиси” болгон, дейт музей кызматкери.
Фрейд медицина институтун бүткөн соң Венадагы клиникада невролог болуп иштеген. Бир ирет ал оң колу шал болуп калган ноокас аялга кеп-кеңеш айтып,маектешип калат. Кийин бул өнөкөт күндө уланып,ноокас аял өзүнүн ички сезим-туюмдарын Фрейдге жашырбай айтып, ошонун аркасында эч кандай дары-драмексиз эле акырындап айыга баштайт. Дал ушул окуядан улам Фрейд адамдын психологиясында жана күнүмдүк турмушунда акыл-эстен тышкары бейаң,керээт туюмдардын чоң мааниси бар экенин аңдаган. Бирок анын бул темадагы илимий биринчи докладын психиатрлар менен нейрохирургдар коому жер тепкилеп кабыл алып,”дөөрүмө жомок” деп аташат. Фрейд да аларды “көкмээлер” деп шыпырта тилдеп, кол шилтеп баса берет. Алты жылдай илимий коомчулуктан обочолонуп,жекече практика жүргүзөт, өз үйүндө ноокастарды кабыл алат. Дал ушул жылдары ал адамдын ачуусу менен күлкүсү, санаасы менен кыялы, атүгүл көргөн түшү да психологиялык феномен экенин далилдеген эмгектерин жазат.
Алардын ичинде “Түштөрдүн түшүндүрмөсү”, “Тиричиликтеги психопатология” сыяктуу илимий китептери жарык көрөт. Невроздордун негизинен Фрейд сексуалдык проблемаларды көрөт, “эдип өксүгү”, “либидо” жана башка концепцияларында адамдын жорук-жосуну, жүрүм-туруму, эрки жана эрксиздиги, сүйүүсү жана иренжиген сезими – баары кокустук эместигин ачып көрсөткөн. Фрейдди 1922-жылы Лондон университети Филон,Мемонид,Спиноза жана Эйнштейнден соң адамзаттын бешинчи генийи деп атаган.
Германияда фашисттер бийликке келген соң Берлинде Фрейддин китептерин эл көзүнчө өрттөшөт, кызы Аннаны камакка алышат. АКШнын элчилиги кийлигишип, Фрейд Британияга көчүп кетет жана ошол жерде көз жумат.