Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

ВИЛЬНЮС ШААРЫНДАГЫ САММИТТЕ ОРУСИЯ СЫНГА АЛЫНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 4-май күнү Литванын борбору Вильнюс шаарында ири эл аралык конференция болуп өттү, ага бир нече мамлекеттин президенти, НАТО уюмунда тышкы саясат үчүн жооптуу Хавье Солана, АКШ вице-президенти Дик Чейни жана башка саясатчылар катышты, бирок Орусиядан чакырылган коноктор келген жок.

Жыйынга Литва, Польша, Украина, Грузия, Румыния жана Молдованын президенттери Валдас Адамкус, Лех Качински, Виктор Ющенко, Михаил Саакашвили, Траян Басэску жана Владимир Воронин, андан тышкары Азербайжан, Армения, Болгария, Латвия, Эстония жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Ошондуктан жыйынды Балтика менен Кара деңизге чыккан өлкөлөрдүн саммити деп да атагандар бар.

Жыйындын алдында 3-май күнү Вильнюста ушул эле мамлекеттердин бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн форуму болгон жана ага катышкан Маскөөдөгү Эл аралык жана регионалдык саясат борборунун деректири Борис Кузнецов конференцияны уюштургандарды сынга алып, демократия таратуу шылтоосу менен Батыш Маскөөгө каршы саясат жүргүзүүдө жана Орусиянын кошуна мамлекеттерин өз тарабына тартып жатат деп билдирген. Жыйындын өзүнө болсо орус өкүлдөрү келген жок.

Жыйында коопсуздук маселелери, НАТО менен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер жана алардын кошуна өлкөлөрү ортосундагы кызматташууну кеңейтүү жана демократияны жайылтуу маселелери каралды. Саакашвилинин айтымында, демократиялаштыруу маселеси боюнча Балтик жумурияттары эбегейсиз ийгиликке жетти, бирок жараян ошону менен токтоп калды жана башка мурдагы советтик жумурияттар алардын жолун жолдойлу дегенде, ага Орусия токскоолдук кылууда.

-"Тбилиси жана Киевде, Балтика жана Орусияда өзгөрүүлөр башталганда, биз аларды артка кетенчиктебейт деп ойлогонбуз, бирок аларга азыр өтө таасирдүү күчтөр каршы чыгууда. Алар абдан күчтүү, жакшы уюшулган, каражаты көп жана көп нерсеге бара ала тургандар", - деди Саакашвили.

Орусияга каршы башка да сындар айтылды. АКШ вице-президенти Дик Чейни өз сөзүндө - эгер Маскөө өзүнүн азыркы саясатын улантса, өзүнө эле жаман болот деп билдирди: "Орусиядагы реформаларга каршы чыккандар акыркы он жылда жетишилген ийгиликтерди жокко чыгарууну көздөйт. Коомдогу бардык тармактарда - дин менен маалымат каражаттарында, укук коргоо уюмдары менен саясий партияларда өкмөт жарандардын укуктарын чектеп жатат. Маскөөнүн көптөгөн башка аракеттери да опурталдуу жана алар азыркыдай улана берсе, андан Орусиянын башка мамлекеттер менен болгон мамилелерине зыян тийет", - деди Чейни.

Анын айтымында, демократиянын кошуна мамлекеттерге тараганынан Орусия пайда гана табат.

XS
SM
MD
LG