Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

5-МАЙДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1993-жылдын 5-майындагы Жогорку Кеңештин он экинчи сессиясында Кыргызстан Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. 1930-жылдын бу күнү айтылуу окумуштуу жана ойлоп тапкыч академик Арстанбек Алтымышбаев жарык дүйнөгө келген.

1993-жылдын 5-майындагы Жогоку Кеңештин он экинчи сессиясында Кыргызстан Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Конституция долбоорун даярдоого кыргызстандык жана эларалык эксперттер тартылып, адистердин айтымында башкы дүйнөлүк талаптарга, демократиялык принциптерге толук жооп берген.

1918-жылдын 5-майында Верный, азыркы Алматы шаарында, “Новая эра” аталган коммуна уюшулган. Кийин эмгекчилердин башын бириктирген мындай уюмдар Превальск уездинде курула баштаган.

1930-жылдын бу күнү айтылуу окумуштуу жана ойлоп тапкыч академик Арстанбек Алтымышбаев Кемин районунун Карабулак кыштагында көз жарып, кийин медицина институтун бүтүргөн соң ал эмгек чыйыры фармацевтика багытына боолжогон. Ал илим изилдөөчү жана ойлоп тапкыч катары Кыргызстандын экономикасына, илимге зор салым кошкон. Академик Алтымышбаевдин 20дай чамалуу ойлоп тапкандары өндүрүшкө киргизилип, анын “Арашан” бальзамы ааламга тараганы белгилүү.

Май айынын бешинде таанымал окумуштуу филология илимдеринин доктору, профессор Муктар Борбугулов 76га толмок. М.Борбугулов 1930-жылы Сузактын Кызкөл кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ал өз убагында “Ала тоо” журналы, Улуттук университети, Илим академиясында иштеп, ондогон көркөм чыгарма, монография жана илимий-популярдуу макалаларды жазууга жетишкен.

1947-жылдын 5-майында Ленинград шаарында Советтер союзунда биринчи болуп ДОСААФ ыктыярдуу коому уюшулган. Кийин мындай бирикмелер Кыргызстанда да түзүлүп, анын ишмердиги республиканын бүткүл аймагына тарап, ДОСААФ кыймылы кулач жая өскөн.

1912-жылдын 5-майында “Правда” гезитинин биринчи саны жарык көргөн. “Правда” гезити Кыргызстан аймагына да тарап, анын беттеринде республикада байланышкан материалдар жарыяланып турган. Өз маалында атктуу жазуучу Чынгыз Айтматов “Правданын” Кыргызстандагы корреспонденти болуп иштеген.

5-май Европа күнү. 1950-жылы Франциянын тышкы иштер министри Робер Шуман европалык интеграция идеясын жарыялаган жана бу себептен 5-май Евросоюз идеясынын жаралышы катары белгилент.
XS
SM
MD
LG