Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Куршабдагы шайлоо талашын БШК жөнөткөн комиссия иликтөөдө


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы жөнөткөн атайын комиссия Куршаб шайлоо округундагы чыр-чатакты иликтөөнү жекшембиде соңуна чыгарат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди. Бул округда талапкерлер Санжарбек Кадыралиев менен Мамат Орозбаевдин ортосундагы талаш 23-апрелдеги шайлоодон бери уланып келатат. Атайын комиссия кырдаалды курчутат, жагдайды Бишкекте иликтөө керек болчу деген комиссиянын мүчөлөрү жекече чечим кабыл алгандыгы үчүн төрага Туйгунаалы Абдыраимовду регламентти бузду деп күнөөлөшүүдө. Төрага мындай укук мыйзамда көрсөтүлгөн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG