Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

ИРАК : ЖАНКЕЧТИЛЕРДИН БОМБА ЧАБУУЛУ КҮЧ АЛУУДА


Иракта дүйшөмбү күнкү чабуулдарда кеминде 30 кишинин өмүрү кыйылды. Жарадар болгондордун саны 70тен ашат. Шииттердин ыйык шаары Карбалада автомобилчен жанкечти жардырган бомбадан бери дегенде 20 киши курман болду. Ал эми түштүктөгү Басра шаарында күн салыштырмалуу тынч өттү. 6-майда британиялык тикучар атып түшүрүлгөндөн кийин аскерлер менен шаардык жаштар ортосунда катуу кагылышуу болуп, беш жаран жана беш аскердин каны төгүлгөн.

Иракта жанкечтилердин жардыргыч жүктөлгөн автмобилди элдүү жерде жардыруусу салтка айланып калды. Дүйшөмбү күнү Карбала шаарынын кире беришиндеги бекетте автомобилчен жанкечти бомба жардырып, 20 киши набыт болду. Өлкөнүн башка бөлүктөрүндө да ушундай чабуулдан кеминде дагы 10 киши өлгөнү, 70 киши жарадар болгону маалымдалды.

Өлкө түштүгүндөгү Басра шаарында 6-майда коменданттык саат жарыялангандан кийин кыймыл аз. Жекшемби күнү шаарда британиялык тикучар атып түшүрүлгөндөн кийинки кагылышууда ирактык беш жаран жана британиялык беш жоокер окко учкан.

Уруш аскерлер тикучар кулап түшкөн жайга жаштарды өткөрбөй жолун тоскондо чыккан.
Үйү тикучар кулаганда зыян тарткан Мехди Садыктын айтышынча британиялык аскерлер тикучар кулап түшкөн аймакты тегерете курчап турушат:Мен эч жакка чыга албай калдым. Атүгүл коңшубуздун үйүнө да бара албайм азыр. Аскерлер эч кимди бастырбай жатышат. Алар бир нече баланы жарадар кылышты жана төрт кишини өлтүрүштү. Жарадар болгондор да көп.

“Ал-Жазиира” телеканалы калың топтун: “Мехди армиясы жеңет!” деп кыйкырып жатышканын Басрадан алып көрсөттү. Мехди армиясы радикалдуу шиит диниятчысы Муктада ас-Садрга баш ийет.
Басра аймагында британиялык 8 миңдей аскер бар. Бул аймак Багдадга жана Ирактын батышына салыштырмалуу тынч эсептелчү.

Басрадагы оорукананын дарыгери Айдар ал-Мусави жекшемби күнкү кагылышта көбүн эсе жаштар жарадар болгонун билдирди:

-Биздин ооруканага 33 киши алып келинди. Алардын 29у жарадарлар, төртөөсү ооруканага жетип үзүлдү. Жарадарлардын көбү пулемоттун огунан жараат алган жаш балдар. Алар арасында ичинен жана көкүрөгүнөн жарадар болгондору да бар. Жарадар болгондордун баары эркектер жана -мен мурда айткандай-көпчүлүгү жаш балдар менен уландар.

Ирактын президенти Жалал Талабани Британиянын премьер-министри Тони Блэрге кат жолдоп, беш жоокердин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтып, тикучарды атып түшүрүүнү “карасантай кылмышкерлердин иши” деп атады.

Бул беш жоокер менен Ирак согушунда курман болгон британ аскерлеринин саны 109га жетти.

Сүрөттө : Иракта тикучар кулап түшкөн аймакты британиялык аскерлер тегерете курчап турушат.

XS
SM
MD
LG