Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

ЭлТРдин Байкоочулар кеңешин К. Исаев жетектейт


БИШКЕК. Кечээ Ош шаарында ЭлТР коомдук телерадио компаниясынын бет ачары болуп өттү. Ага вице-премьер-министр Адахан Мадумаров башында турган мамлекеттик жетекчилер, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. ЭлТРдин жетекчиси Кадыр Кошалиевдин айтымында, коомдук телеканалдын эң жогорку коллегиалдуу башкаруу органы болуп тогуз кишиден турган байкоочулар кеңеши түзүлгөн. Анын биринчи жыйыны кечээ өткөрүлүп, кеңештин төрагалыгына окумуштуу Кусеин Исаев шайланды. Аталган телеканалдан 14 сааттык телеберүүсү Кыргызстандын бүткүл аймагында көрсөтүлөт. Мамлекет тарабынан ЭлТРди ачууга 25 млн. сом каражат бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG