Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

КАДЫР КОШАЛИЕВ : ЭлТР БИЙЛИКТИН КАМЧЫСЫН ЧАППАЙТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Жекшембиде Ош шаарында ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын бет ачары болуп өттү. Ага вице-премьер-министр Адахан Мадумаров башында турган бир катар мамлекеттик жетекчилер, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Коомдук телеканал бийликтин көрсөтмөлөрү менен иштебей, байкоочулар кеңешинин чечимдерине жараша иш алып барат, дейт ЭлТРдын жетекчиси Кадыр Кошалиев. Ал эми айрым журналисттер жаңы түзүлгөн коомдук телерадиокомпания жалпы Кыргызстан үчүн элдик телевидение боло аларына анча ишенишпейт.

“Ош-3000” телерадио компаниясынын базасында жаңыдан түзүлгөн ЭлТР коомдук телеберүүсүнүн ачылыш аземинде коомчулуктун өкүлдөрү ЭлТР элдин үнүн, мүдөөсүн ачык чагылдырып, маалыматтарды калыс, так, ыкчам жеткирип турган көз карандысыз телеканал болот деген ишенимдерин билдиришти. Бийлик төбөлдөрү да коомдук канал жогору жактын көрсөтмөлөрү менен иштебестигин белгилешти.

Аталган коомдук теленин жетекчиси Кадыр Кошалиевдин айтымында, коомдук телерадиокомпаниянын негизги өзгөчөлүгү -бардык маселени тогуз кишиден турган байкоочулар кеңеши чечет.

-Президенттин жарлыгына ылайык тогуз кишиден турган байкоочулар кеңеши түзүлгөн. Ошол кеңеш ишти башташты. Демек кандайдыр бир саясий күчтөрдүн,аткаруу бийлигинин же телевидениенин жетекчилигинин көрсөтмөсү менен иш алып барышпайт. Коомчулуктун өкүлчүлүгү менен түзүлгөн байкоочулар кеңешинин кеңешүүсү менен стратегиялык тактикалык маселелер алдын ала аныкталып жана ошол багытта иш жүргүзүлөт. Коомдук теле берүүнүн өзгөчөлүгү ушунда.

ЭлТр коомдук телерадиокомпаниясынын уставына ылайык эң жогорку коллегиалдуу башкаруу органы болуп тогуз кишиден турган байкоочулар кеңеши өлкө башчысынын жарлыгы менен түзүлгөн. Кеңештин курамындагылар бийликке тиешеси жок, илимий-чыгармачылык, өнөр багытындагы, телеберүүнү жакшы түшүнгөн адамдардан турат. Жекшембиде байкоочулар кеңеши алгачкы жыйынын өтөрүп, төрагалыгына окумуштуу Кусеин Исаевди шайлашты.

ЭлТРдын ачылыш аземине келгендер накта элдик телевидение эми уюшулду деген ишенимде экендиктерин жашырышкан жок. Ал эми коомчулукта ЭлТР Кыргызстан үчүн элдик телевидение боло албайт дегендер да бар. Журналисттер кошуунунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаевдин көз карашында ал техникалык кубаты жагынан жана географиялык орду жагынан жалпы кыргызстандын аймагын камтый албайт. Ошондуктан аны элдик телевидение боло алат деп айтыш кыйын."Замана” студиясынын базасында коомдук телевидение түзүлсө республиканын бардык аймагына чыгууга мүмкүнчүлүгү болмок. Ал эми ЭлТРдин берүүлөрү өлкөнүн бардык аймактарына жетпей, облустун деңгээлинен чыга албай калышы мүмкүн.

Кадыр Кошалиевдин айтымында, ЭлТР ди жалпы Кыргызстанда жана кошуна өлкөлөрдүн кээ бир жерлерине телеберүүлөрдү жеткириш үчүн теленин техникалык кубаттулугун өнүктүрүү багытында аракеттер көрүлүп жатат. Эгер өлкө аймагында көрсөтүлүп жаткан Россиянын ОРТ, РТР телеканалдарынын бирөөсүн мамлекет ЭлТРге берсе, негизги маселелердин бири чечилмек.

-”Россиянын эки каналынын бирин дүйнөлүк маалыматтарды алыш үчүн калтырып, бирин ЭлТРга бериш керек деген маселе телеберүүнүн ачылыш аземинде козголду. Мен да ошол маселени дембе-дем көтөрүп келатам,- дейт Кадыр Кошалиев.

Мамлекеттик жетекчилер ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын ачылышы менен өлкөдө сөз эркиндигинин, маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын камсыз кылууга карата көргөн камкордук катары баалашты. Ал эми көз карандысыз журналисттер, айрым байкоочулар НТС телеканалы чыгып келген жыштыктын ЭлТРге берилишин бийликтин НТСке көрсөткөн кысымы катары баалашууда. “Кыргызтелекомдун» алдындагы радиожыштыктар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Бегалиев өз кезегинде НТС аймактарда берилүүчү жыштыкты убактылуу пайдаланып келгенин белгилеп, сын дооматтарды негизсиз деп четке кагууда.
XS
SM
MD
LG