Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:32

ИРАН МАСЕЛЕСИ НЬЮ-ЙОРКТОГУ ЖЫЙЫНДА ТАЛКУУЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 8-май күнү Нью-Йорк шаарында атайын жыйын болуп, анда Иран маселеси талкууланды. Жыйынга - Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү болгон АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Алманиянын тышкы иштер министрлери катышты. Алмания Кеңешке туруктуу мүчө болбосо дагы, Иран менен мурда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө көп жолу Европа Биримдигинин атынан катышып келген.

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохаммед Элбарадеи 28-апрелде Бириккен Улуттарга Иран боюнча отчет тапшырган жана анда - агенттик менен Тегеран толук кызматташпай жатат деп айтылган. Эми маселени Коопсуздук Кеңеши караш керек жана Британия менен Франция ал Кеңеш кабыл ала турган чечимдин долбоорун даярдаган, аны Вашингтон дагы жактырды. Жыйында ошол долбоор талкууланды, бирок министрлер бир пикирге келген жок.

Батыш мамлекеттеринин сунушу боюнча, Коопсуздук Кеңеши Иранга расми эскертүү жасаш керек жана андан кийин Тегерандын саясаты өзгөрбөсө, ага каршы эл аралык чектөөлөр жарыяланышы мүмкүн жана күч да колдонулушу ыктымал. Ал үчүн долбоордо Бириккен Улуттардын Уставынын 7-беренесине шилтеме жасалат, ал берене боюнча болсо - Кеңештин талабын аткарбаган кайсы бир мамлекетке күч колдонуу шарттары каралган.

Андай күч колдонууга Кытай менен Орусия мурда да каршы чыгып келген жана азыр дагы аны колдогон жок. Алардын айтымында, маселе дипломатиялык ыкмалар менен гана чечилүүгө тийиш жана Нью-Йорк жыйынында андай дипломатиялык аракеттерди улантыш керек деп айтылды. Британиянын жаңы тышкы иштер министри Маргарет Беккеттин айтымында, Иранга каршы күч колдонуу ниети азырынча жок.

Ага чейин министр болуп иштеген Жек Стро болсо буга чейин бир нече жолу - эч кандай шартта күч колдонулбайт деп айтып келген. Орус министри Сергей Лавровдун айтымында, сүйлөшүүлөр дагы уланат.

Ошол эле жыйындын алдында АКШ президенти Иран президентинен кат алды, ал америкалык жетекчиликке Швейцария аркылуу жеткирилген. АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын айтымында, азыркы курч абалды чечүү боюнча анда эч кандай сунуш айтылган эмес. Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын айтымында болсо, каттын мазмуну өтө орчундуу:

-"Катта жазылган нерселер - биздин Иран элинин чыныгы мүдөөлөрүн чагылдырат. Ал - биз эмнени каалаганыбыз жана эмнеге ишенгенибиз тууралуу, биз ал катта - дүйнөлүк маселелерди кантип чечүү жана адамзат жапа чеккен абалды кантип жакшыртуу тууралуу Ирандын көз караштары айтылат", - деди Иран президенти. АКШ президенти катка жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG