Делфиндер ышкырып, дагы башка добуштар менен өз ара байланышаары мурдатан эле маалым болчу. Азыр эми окумуштуулар алар бири бирин тааныш үчүн ысымдарды колдоноорун, ал тургай бир бирин атынан чакырышаарын айтышууда. Винсент Яник Шотландиядагы Деңиз сүт эмүүчүлөрүн изилдөө борборунун өкүлү:
- Бул бизге өз ара байланышуунун бөлөк жана татаал системасынан кабар берет жана адам баласына гана мүнөздүү деп саналган эволюциялык өнүгүү делфиндерге да тийешелүү экендигин көрсөтөт.
Яник Флоридада шише тумшук дельфиндерди изилдеген америкалык жана европалык окумуштуулардын катарында иштейт:
– Биз конкреттүү делфиндин ышкырыгын ага тууган дельфинге угузуп көрдүк. Дельфин өз туушканы берген белгиге сөзсүз кайрылат деп ойлогонбуз. Бирок биз ышкырыкты кайра угузгандан мурда, андагы бардык үндүү добуштарды алып салдык да, дельфин мурда эч качан угуп көрбөгөн компютердик добуш жараттык.
Яник жүргүзгөн тажрыйбада дельфиндер компьютерден тазартылган ышкырыктан да өз ысымдарын таанышкан:
– Алар бул добушту укканда туушкандарын көздөй бурулушту. Ошону менен ал туушкандын добушун гана укпастан, берилген сигналды түшүнгөндүгүн да көрсөтүштү.
Яниктин айтымында, дельфиндер 20, а балким андан да көп ысымды ажырата алышат. Бул сөз менен байланыш куруунун кандайча башталганын боолголоого мүмкүндүк берет:
- Дельфиндер берген сигнал тубаса эмес, аны үйрөнүшөт. Алар ошондой эле кайсы добуштун кимге тийешелүү экендигин ажырата билгенди үйрөнүшөт. Адам баласы да алгач сөздөрдү билип, кийин анын маанисин түшүнөт. Дельфиндердин өз ара байланыш системасы ушуга өтө окшош. Алар сөз колдонот дей албайм, бирок адам баласынын эволюциясы да ушундай ышкырык, белгиден башталган болуш керек.
Яник учурда дельфиндер өз ысмын укканда алардын мээсинде кандай өзгөрүү болоорун аныктоо жаатында иштеп жатат.