Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

ПРЕЗИДЕНТ ОППОЗИЦИЯНЫН ТАЛАБЫН ЧЕТИНЕН АТКАРА БАШТАДЫ


Президент Курманбек Бакиев бүгүн кадр саясатында бир катар маанилүү чечимдерди чыгарды. Таштемир Айтбаев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Президент администрациясынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Бусурманкул Таабалдиев дайындалды. Үсөн Сыдыков президент администрациясынын жетекчиси кызматынан, Дастан Сарыгулов мамлекеттик катчынын кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри кызматына Данияр Үсөнов дайындалды. Кыргызга ири ишкер жана саясатчы катары таанымал бул адам март революциясынан кийин бул кызматта иштеген, бирок аны кийин парламент өткөзбөй койгон болчу. Медетбек Керимкулов биринчи вице-премьер-министр кызматынан Өнөр жай, соода жана туризм министрлигине жетекчи болуп которулду.

Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов дагы кызматынан кетти. Ал өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун жана элдин ынтымагын сактоо үчүн 29-апрелде митинг уюштургандардын талабы боюнча кызматынан кетип жатканын Президентке жазган арызында белгилеген. Президент мамлекеттик катчынын отставкасын кабыл алды.Мамлекеттик катчынын ордуна вице-премьер-министр кызматын аркалап келген Адахан Мадумаров отурду.

Президенттин соңку чечимдери, байкоочулардын баамында, бийликтин оппозиция көтөрүп жаткан талаптарга берген жообу болуп саналат.

Бийликке оппозицияда турган саясий күчтөрдү бириктирген «Реформа кыймылы» 8–апрелде жана 29-апрелде Бишкекте, Ошто митингдерди уюштуруп, Президент Бакиевке он талап коюшкан.
Демократиялык реформаларды тездетүү, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талаптары менен катар оппозиция Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Т. Айтбаевдин, президенттин администрация жетекчиси Үсөн Сыдыковдун жана мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун отставкасын талап кылган. Эгер бул талаптар аткарылбаса 27-майда дагы бир митинг уюштуруп, Бакиев-Кулов тандеминин отставкасын талап кыларын эскерткен.

XS
SM
MD
LG