Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУ МЕНЕН ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага 10-март күнү орус президенти Владимир Путин парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында чыгып сүйлөп, орус элине кайрылуу менен чыкты. Мындан бир апта мурда АКШ вице-президенти Дик Чейни Орусиянын саясатын катуу сынга алган жана батыш эксперттери - орус жетекчиси ага жооп берет деп күткөн, бирок Путин негизинен ички маселелерге токтолду.

Бир саатка уланган сөзү учурунда Путин - орус элин азыр эң көп тынчсыздандырган маселе демография экени тууралуу айтты жана анын пикиринде, абалды оңдоо үчүн орус аялдарына бала төрөп, аларды багуу үчүн тийиштүү шарт түзүлүш керек. Азыр орус калкынын саны жыл сайын 700 миң адамга кыскарып баратат. Ар бир төрөлгөн бала үчүн мурда орус өкмөтү энелерге ай сайын 500 рублдан төлөп келген, былтыр ал жөлөк пул 700 рублге чейин көтөрүлгөн. Путин өз сөзүндө биринчи бала үчүн төлөнгөн ал акчаны 1500 рублге чейин көтөрүүнү сунуш кылды, экинчи бала үчүн болсо энелер эми айына 3000 рубл, же жүз доллардан ашык алат.

Андан тышкары Путин Орусиянын аскерий маселелерине да кеңири токтолду. Анын атымында, Орусиянын аскерий бюджети азыр АКШныкынан 25 эсе аз, бирок ага карабастан аскерий маселелер ийгиликтүү чечилүүдө жана мындан ары андан да чечкиндүү чаралар көрүлөт. Өлкө аскеринин саны азыр бир миллион 400 миң адамды түзөт жана реформанын жыйынтыгында бюрократиялык аппараттын эсебинен ал сан бир миллионго чейин кыскартылат, 2008-жылга чейин болсо аскердин үчтөн экиси контракт менен жалдангандар болот, милдеттүү түрдө чакырылган жаштар болсо аскерий кызматты бир жыл гана өтөйт.

Аскерди жаңы курал менен жабдуу дагы тийиштүү жолго коюлат. Путиндин айтымында, 1990-жылдан бери өлкөдө бир да ири аскерий кеме курулган эмес, жакын арада болсо "Булава" деген жаңы ракеталык системалар менен жабдылган суу алдында сүзүүчү эки атомдук кеме ишке киргизилет, андан тышкары, аскерлер "Тополь-М" деген жаңы ракеталар менен жабдыла баштады жана мындай өзгөрүүлөр - өлкөгө сырттан мүмкүн боло турган кандай болбосун агрессиянын алдын ала алат.

Эл аралык маселелерге токтолгондо болсо, Путин Европа Биримдиги менен жүрүп жаткан кызматташууну жогору баалады жана Күнкөрсуз мамлекеттер шериктештигин ал Биримдик менен салыштырды. Президенттин айтымында, Шериктештиктин аянты Биримдиктикинен жети эсе көп жана Шериктештик дүйнөлүк кен байлыктарынын 10 пайызына ээ болгондуктан, туура жол менен өнүксө, Европа Биримдигинен да маанилүү уюмга айланышы мүмкүн.

Андан тышкары, Путиндин айтымында, дүйнөлүк маселелерди чечүү ишинде эң негизги мааниге Бириккен Улуттар Уюму ээ болууга тийиш, бирок уюм реформаланууга муктаж. Ал эми Орусиянын өнүгүшүнө айрым саясатчылар жасалма түрдө тоскоолдук түзүп жатат деп, Путин Дүйнөлүк соода уюмун мисалга келтирди:

"Биздин экономика азыр - Дүйнөлүк соода уюмуна кирген айрым мүчө-мамлекеттердикинен алда канча ачык экени белгилүү. Ошондуктан ал уюмга Орусиянын кошулушу тууралуу сүйлөшүүлөрдө соодалашуу болбош керек, ал соодалашууда болсо азыр - уюмдун аракеттерине эч тийешеси жок маселелер көтөрүлүүдө", - деди Путин.

Путиндин 10-майдагы сөзү - анын орус элине жасалган жетинчи кайрылуусу болду.

XS
SM
MD
LG