Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВ ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН ИШТЕШҮҮГӨ КАДАМ ЖАСАДЫ


Президент Курманбек Бакиев 10-майда кадрдык олуттуу өзгөрүүлөргө барды. Натыйжада, президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков, мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов, коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаев кызматтарынан кетишти. Президенттин бул кадамын оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана жарандык коом өкүлдөрү ар кыл өңүттө талдоого киришти.

Аталган үч жетекчини кызматтан алуу - оппозициянын президентке койгон талаптарынын бири болчу. Ошондуктан, байкоочулар президент тарабынан жасалган бул кадамды оппозициянын талаптарын эске алуу катары кабылдап жатышат. Ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Өмүрбек Абдыракмановдун пикиринде бул бийлик тарабынан жасалган туура жүрүш:

- Менимче, бийлик башталышында туура жүрүш кылып атат окшойт. Мактабай кое туралы. Коомдо тескери жагынан аты чыккан адиоздный мындай кадрлардын бийликте эмес, башка жакта өзүнүн оокатын кылышы туура болор эле.

Президенттин пресс-катчысы Надыр Момунов кадрдык алмаштырууларды президенттин оппозиция менен кызматташууга даяр экендигинин белгиси катары белгиледи:

- 29-апрелде митинг уюштургандардын талаптары ушундай болгон – ушу адамдарга өз дооматтарын айтып чыккан эле. Бирок, ушул ультиматумду президент кабыл алды, макулдук берди деген туура эмес. Бул ириде президенттин компромисстик кадамга барганын көрсөтүп турат. Кызматташтыкка, диалогго барууга даяр экенинин белгиси.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдырасулова 29-апрелдеги митингге чейин эле жарандык коомго президент Курманбек Бакиев кадрдык алмаштырууларды мелжеп жатканын билдирди. Укук коргоочунун пикиринде президенттин акыркы кадамын жеке эле оппозициянын жеңиши катары кабылдоого болбойт. Эгерде оппозиция ушундай тыянакка келсе, анда алар тарабынан бийликке талаптар мындан ары да күчөй бериши толук ыктымал.

- Менин коркконум – оппозиция муну өзүнүн жеңиши катары кабылдап, коомдо президент оппозициянын кысымы астында ушундай өзгөртүүгө барды деген пикир пайда болсо, ушундай талаптар, кысымдар кайталана бериши мүмкүн. дейт Азиза Абдырасулова.

Ишкер Өмүрбек Абдыракманов президент тарабынан жасалган кадрдык өзгөрүүлөр оппозициянын 27-майга белгиленген нааразылык акциясын токтотушун шарттай албайт деген ойдо. Бирок, анда мурда убада кылгандай, талаптар күчөтүлбөстөн, жумшартылышы мүмкүн.

«Реформа үчүн» кыймылынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов кадрдык алмаштыруулар кандайдыр бир негиздүү тыянак берерине ишенбейт, ал президент бийлик системасынын реформаланышына маани бериши керек деп эсептейт:

- Маселен, Эшматтын ордуна ташматтын барганындан эмне өзгөрүп кетмек эле. Ошентсе да, же талапты аткарганыбы, же диалого барганыбы, айтор, албетте, отставкаларды кабыл алганын кыймыл деп эсептеш керек.

Президент кадрдык алмаштыруулардын алкагында мурда парламенттен колдоо таппай калган Данияр Үсөновду биринчи вице премьер министрдин милдетин аткаруучу, Ишенгүл Болжурованы вице премьер министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Айрым байкоочулар президент бул кадрларды алып келгени үчүн жаңы сынга кабылышы ыктымал деп болжошууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG