Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

ӨКМӨТТӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР, ПАРЛАМЕНТ «ПАТ» КОЙБОЙБУ?


Айданбек Акматов, Бишкек 10-майда кыргыз бийлигинде олуттуу кадрдык өзгөрүүлөр болду. Оппозициянын талабынын натыйжасында президент Курманбек Бакиев өз командасын чыңдап алганы айтылууда. Бирок кайрадан өкмөткө келген Данияр Үсөнов менен Феликс Куловдун мамилеси кандай болот? Парламент жаңы кадрларды бекитпей койбойбу, деген суроолор чыгууда..

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин парламентте кароо күзгө калтырылды. Бирин-бири жактыра бербеген премьер-министр Феликс Кулов менен кайрадан дайындалган биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун мамилеси кандай болоору да көп пикирлерди жаратууда.
Өткөн жылдын март айындагы ыңкылаптан кийин президент Курманбек Бакиев өкмөттүн азыркы өзгөргөн курамында түзүүнү каалаган. Бирок парламент Данияр Үсөнов баш болгон президенттин командасындагы бир катар талапкерлерди бекитпей койгондон кийин, алардын ордуна башкалар көрсөтүлгөн. Эми оппозициянын айрым чиновниктерди кызматтан кетирүү талабынын натыйжасында ыңкылаптан кийинки команда өкмөткө кайрадан келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп отурат.
Оппозиция өкүлдөрү бийликтеги кадрдык өзгөрүүлөрдү сын менен кабыл алды. Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиевдин пикиринде президенттин кадр саясатындагы «орун алмаштыруулары» катардагы эле көрүнүш. Алардын баары мурда өкмөттө иштеген. Ошондуктан эч кандай жаңы команда жок. Жогорку Кеңештен Данияр Үсөнов макулдук алалбагандыктан башка киши келген. 2005-жылы Данияр Үсөнов өкмөт ишине эч кандай деле жаңылык алып келген эмес.

Жаңы кадрларды бекитүүдө президент менен парламент ортосунда чыңалуу пайда болушу ыктымал. Парламентте жетекчилик өзгөрдү, демек андан макулдукту дароо алабыз дегенге мен кошула албайм. Анткени Жогорку Кеңеште өз ойлорун так айткан депутаттар аз эмес, деп эсептейт Ж. Сатыбалдиев.

«Вечерний Бишкек» гезитинин кожоюну Александр Ким экономика менен бүгүнкү күндө профессионалдар иштеш керек, деп эсептейт. Биздин лидерлердин өз ара кеңешип, Данияр Үсөновду алып келгени да саясатты токтотуп, экономика үстүндө иштөө зарылчылыгын түшүнгөндүгүндө. Азыркы кезде парламент да башкача добуш берет. Мен акыркы кадрдык дайындоолордон кайсы бир тарап эмес, жалпы мамлекет утушка ээ болду деп эсептеймин. Феликс Кулов акыркы алты айдан бери сурап келген ыйгарым-укуктарды алды. Эми иштеш керек. Анткени суроо-талап алардан болот, дейт А. Ким.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеев: ыңкылапка катышкан адамдар мурунтан эле бул депутаттарды ишке киргизбөөнү суранып келгенбиз. Бул элдин суроо-талабынын да эң негизгиси болгон. Анткени алардын көпчүлүгү таза эмес жол менен шайланып келишкен. Ошондуктан бул депутаттар өз эрки менен тарап кетсе жакшы болмок. Мен өзүм, бул парламенттин биздин алдыга жылуубузга жакшы салым кошпошуна көзүм жетип турат,деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG