Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы куралдуу кагылышуулар, террордук аракеттер, барымтага алуу жана башка окуялар учурунда курман болгондордун саны акыркы мезгилде кыйла өстү жана жалгыз апрель айында эле өлгөндөрдүн саны бир миңден ашты. Ирак президенти Жалал Талабани өлкөнүн бардык уюм-кыймылдарына кайрылып, аларды кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды.

Президент Жалал Талабани 10-май күнү билдиргенге караганда, Иракта апрелде курман болгондордун саны 1091 адамга жетти, мынчалык чыгаша акыркы айларда болгон эмес, ошондуктан касташып жаткан тараптар аракеттерин бириктирип, кылмыштуулук менен мыйзам бузууларга бөгөт коюуга тийиш.

Америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, 2003-жылдын мартында согуш башталгандан бери Иракта 2430 америкалык, 110 британиялык жана башка мамлекеттерден келген дагы 110 аскер набыт кетти. Америкалык айрым эксперттердин эсеби боюнча, үч жыл ичинде Иракта 35 миңден 39 миңге чейин карапайым адам курман болду, беш миңден алты жарым миңге чейин аскер өлтүрүлдү, алардын көпчүлүгү - мурдагы президент Саддам Хусейндин армиясынын жоокерлери болчу.

11-май күнү Багдад шаарындагы "Багдадия" деген спутник телеканалынын жетекчилиги тараткан маалыматка караганда, анын мурдагы кабарчысы Сауд Музахим ал-Хадитин өлүгү табылды, ал мындан бир ай мурда телеканалдан кетип, башка сыналгы үчүн иштей баштаган. Анын өлүгү табылган Багдаддын Дора деген аймагында 8-май күнү дагы эки журналист өлтүрүлгөн жана Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" деген уюмдун эсебинде, жалгыз эле май айында Иракта беш журналист өлтүрүлдү, бардыгы болуп 2003-жылдын мартынан бери Иракта 93 журналист курман болду.

Ирак өкмөтүнүн айтымында, кылмыштуулуктун күчөп баратканынын дагы бир себеби бар - өлкөдө азыр көптөгөн кылмышкер жоокерлер полиция кийимин кийип аракеттенет. Андан тышкары, полиция, коопсуздук кызматы менен коргоо министрлигинин аскерлеринен тышкары, айрым башка министрликтер менен ири ишканалар жана диний уюмдар дагы өз коопсуздук күчтөрүн түзгөн жана алардын баары өзүнчө аскерий кийим кийет. Ошондуктан көчөдө аскерий кийинген адамдарды көргөндө, карапайым жарандар - алар элди коргоого келгенин же кимдир бирөөнү өлтүрүп же барымтага алып кетүүнү көздөгөнүн билбейт.

10-май күнү бир куралдуу топ Бакуба шаарында 10 жергиликтүү адамды барымтага алган, кабарды угаары менен америкалык аскерлер жана өкмөттүк күчтөр Бакубага дароо келип, жети адамды куткарып калган, бирок үч туткуну бар бир машине карматпай качып кеткен. Отуз алты жоокер колго түшүрүлдү, алар дагы аскерий кийим кийген.

Маселени чечүү үчүн премьер-министрликке көрсөтүлгөн Нури ал-Малики биргелешкен полиция күчтөрүн түзүүгө даярданып жатат жана алар үчүн жаңы кийим тигилиш керек. Бирок айрым уюмдар ага каршы. Ирактын Ислам партиясынын өкүлү Баха Алдин Абдул Кадырдын айтымында, уюм өз куралдуу кызматынан баш тартпайт: "Эгер биз бардык куралдуу топторду бириктирип, аларга расми макам берсек, алар ички иштер жана коргоо министрлигине гана баш ийип калат, жана бардык маселелер үчүн ошол эки министрлик жооптуу болот, бирок биз ага каршыбыз, бизге ал жарбайт," - дейт исламдык партиянын өкүлү.

XS
SM
MD
LG