Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

АНЖИАН ОКУЯСЫ ЕВРОПАРЛАМЕНТТЕ ТАЛКУУЛАНДЫ


Анжиандагы кандуу калаймандын бир жылдыгына байланыштуу кечээ Европа парламентинде “тегерек үстөл” уюштурулду. Талкууга окуяга күбө болгондор, укук коргоочу активисттер, өзбек оппозициясынын мүчөлөрү жана европалык ырасмий өкүлдөр катышты.

Журналист Галима Бухарбаева Анжиандагы окуяны өз көзү менен көргөндөрдүн бири. Анын айтымында, 13-май күнү борбордук аянтка батпай, кыжылдап-кылкылдаган элдин жыйыны беш сааттай уланган. Аңгыча аянтка туш-туштан БРТлар кирип келип, элди көздөй ок жабылтып киришкен.

Өзбек өкмөтү жыйынды ислам халифатын түзгүсү келген террорчулар уюштуруп, ага элди опузалап айдап чыккан деп ырасташкан эле. Бухарбаева мындай ырастамаларды төгүнгө чыгарды. Анжиандагы окуяны ал жергиликтүү таанымал бизнесмендерди адилетсиз соттогон иштен улам тутанган демократиялык маанайдагы демонстрация таризде сыпаттады.

Германиялык кабарчы Маркус Бенсманн сот процессине байкоо салып, ошол 13-май күнү Анжианда жүргөн экен. “Ал күнү машыккан,кадис можахед өңдөнгөн дегеле эч кимди көзүм чалган жок, аянтта “алло акбарлап”, ислам мамлекетин түзүүгө чакырган үндү да эшиткен эмесмин”,- деп айтты ал.

Германиялык Deutche Well жаңылыктар агентствосунун Борборазия программасынын кабарчысы Виталий Волков Анжиан окуясына өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын тиешеси болгон деп эсептейт. “Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматындагы булактардан алынган маалыматтарга ылайык, түрмөнү басып алганы элди жергиликтүү, анжиандык коопсуздук органдарынын чиновниктери баштап барган. Түрмө күзөтчүлөрү аларды жакшы билген,ошондуктан аларга темир дарбазаны ачып беришкен”, - деп айтты Волков “тегерек үстөлдөгү” талкуудан кийин “Азаттыктын” кабарчысына.

Талкуунун жүрүшүндө эл аралык кризис тобу, Human Rights Watch уюму, Ачык коом институту Анжиан окуясына байланыштуу көз карандысыз иликтөө өткөрүүнү сунуш кылышты. Эл аралык коомчулуктун, ООНдун, АКШнын жана Евросоюздун ушундай эле демилгесин Өзбекстандын бийликтери караманча четке какканы белгилүү.

Сүргүндөгү өзбек оппозициясынын лидери Мухаммед Солих Европа парламенти Анжиан окуясына байланыштуу биринчи ирет талкуу өткөрүп жатканын белгилеп, мындай иш-чаралар президент Каримовдун режимине Европанын позициясы кандай болуу керектигин так аныктаганга жардамдашарына ишенич билдирди. Солихтин айтымында, Өзбекстанды президент Каримов изоляциялап жатат. Европарламент дале болсо аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө ниет кылууда. ”Мындай режим менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү дегеле мүмкүн эмес”,- дейт Солих.

“Тегерек үстөлгө” Өзбекстан элчилигинин өкүлдөрү да чакырылган эле. Бирок алардан эч ким талкууга келген жок.

XS
SM
MD
LG