Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

ГЕНЕРАЛ САДЫРБЕК ДУБАНАЕВ: "БАТКЕНДЕ АЗЫР АТЫШУУ БОЛУП АТАТ"


Баткенде болуп жаткан соңку окуяларга байланыштуу "Азаттык" үналгысынын кабарчысынын суроолоруна Чегара кызматынын башчысынын орун басары, генерал Садырбек Дубанаев жооп берди. Анын айтымында, ушул тапта Кадамжайдын Тамаша деген жеринде Тажикстан тараптан келген куралчан адамдар менен Кыргызстандын күч органдарынын кызматкерлери ортосунда ок атышуу жүрүп жатат. Куралчан топтун бир өкүлү жан таслим болду.

- Садырбек мырза, бүгүн эртең менен Кыргызстандын кайсы жерине кол салуу болду, алар кимдер экендиги аныкталдыбы? Кыргызстандын чегара кызматы кандай иштерди жүргүзүп жатат?

- 11-майдан 12-майга оогондо түнкү саат экиде биздин Баткен чегара отрядынын начальниги, полковник Буржуев кабарлады - Тажик Республикасынын "Ляккан" деген Исфара чегара отрядынын посту бар. Ошол постко 6 адам кол салып, ал жерден 19 автомат, 1 пулемет, 4 миңдей ок-дарыларды алып, биздин Баткен облусун карай чыгышыптыр. Биз маалымат алып атканда Кыргыз мамлекетинин бажычылары турушкан "Актурпак" постуна келип, ошол жерде алар менен атышып, ошол жерден кыргызстандык бир бажы кызматкери, бар жөн-жай атуул кайтыш болду. Андан соң куралчан топ Кадамжайды карай жөнөшүптүр, Кадамжайдан ары Өзбекстанга өтүп кетебиз деген ойлору бар болуш керек деп ойлоп атабыз. Алар “Мерседес” автомашинасы менен экен, биздин Кадамжай чегара бекетинин начальниги, капитан Кайыр уулу Алмаз беш бала менен артынан көз салып, “Мерседес” автомашинасын токтотушуп, кармаганда, куралчан топ машинени таштап коюп качып кетишти. Мерседестен 17 автомат, 1 пулемет жана ок дарылар табылып отурат. Алар тоону карай кетип баратканын көрүп, биз жардамды күчөтүп, ошол жерлерди ушул тапта курчоого алдык. Биздин чегарачылар менен кылмышкерлердин ортосунда атышуу болуп атат. Азыр эле Баткен оперативдүү көзөмөл отряддан маалымат түштү, бир куралчан өлтүрүлдү, калган үч-төртөө тоону карай атышып жылып баратышат. Биздин чегарачылар аларды курчоого алып, жергиликтүү милиция кызматкерлери менен кармоо, жок кылуу иш-чараларын жасап жатабыз. Чегара кызматынын башчысы, генерал-полковник Субанов азыр команда берди, бизден орунбасар башчы, генерал Чомоев жана Мамбеталиевдер жерине барышып, азыр жеринде курчоого алып, куралчандарды кармоонун үстүндө иштеп атабыз.

- Окуя кайсы жерде жүрүп жатат?

- Окуя Пүлгөндүн жанында Тамаша деген элдик пунктунан 8 чакырым алыстыкта, тоонун арасында болуп атат.

- Булар кимдер экен, максаттары эмне - такталдыбы?

- Тажикстандын чегарачылары менен сүйлөшүп, булар кимдер, кайдан чыккан, силерге кандай кол салуу болду эле деп сурасак, булар бирөөсүнүн фамилиясын берип атышат. Эгерде аларды кармасак, кайсы мамлекеттин атуулу экенин, эмне максат менен келгенин, эмне үчүн анча автоматтарды алганын биз билгенге аракет кылабыз. Азырынча ал маалыматтар белгисиз. Бирок бул Тажикстандын атуулдары экендиги белгилүү.

- Аба күчтөрү пайдаланууга берилген жокпу?

- Азыр эле биздин башчы менен коргоо министри сүйлөшүп, 30-40 мүнөт болду, борбордук аппараттын атайын бөлүгү - спецназын, ички иштер министрлигинен дагы атайын бөлүк жана башкалар болуп бир вертолет менен азыр Баткенге учуп кетишти.

- Элдин арасында дүрбөлөң болгон жокпу?

- Азырынча эл билбейт деле болуш керек бул окуяны. Дүрбөлөң жок. Азыр чегара отрядынын операциясы өткөрүлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG