Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

БАТКЕН : КАДАМЖАЙДА КУРАЛДУУ ТОПТУ ЖОК КЫЛУУ ОПЕРАЦИЯСЫ ЖҮРҮҮДӨ


12-майга караган түнү Тажикстан тараптан келген куралдуу топ, Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн чегиндеги кыргыз бажы бекетине кол салган. Андан кийин район борборуна карай жылып, Тамаша айылынын тоолоруна жашынууга аракет жасаган. Кыргызстандын тартип коргоо органдары алардын артынан түшүп, бирөөсүн атып өлтүрүп, бирөөсүн колго түшүргөн. Туткундун билдирүүлөрүнө караганда, алар диний экстремистик уюмдардын мүчөлөрү жана Анжиян окуясынын бир жылдыгына карата өздөрүнүн куралдуу акциясын жасашкан.

Баткен облустук администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, Тажикстанда жана Кыргызстанда куралдуу кол салууларды жасаган топ - тажик атуулдары жана Канибадам шаарынын тургундары. Алар Кыргызстан аймагынан чыкты деген тажик тараптын маалыматтары чындыкка такыр коошпойт:

-Алар Тажикстан атуулдары. Согди облусунун Канибадам шаарынан болушат. Булардын максаты Анжиян окуясына кошумча кошуу. Террорчуларга жардам берүү болгон. Улуттары тажик. Бирок Өзбекстандагы «Хизбут тахрирдин» мүчөлөрү менен кызматташкан балдар экен. Бирөөсүн колго түшүрдүк. Бирөөсү өлтүрүлдү.

12-майдын түнүндө Тажикстандын Исфара районунда башталган коогалаңдуу окуя тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысынын орун басары генерал-майор Садырбек Дубанаев «Азаттыкка» буларды билдирген эле:

12-майда түнкү саат экиде Тажикстандын Исфара районундагы «Ляккан» чек ара бекетине алты адам кол салып, 19 автомат, бир пулемет, 4 миңдей ок-дары алып, биздин Баткен облусунун аймагына карай чыгышкан. Кыргызстандын Актурпак бекетине келип, ал жердеги Кыргызстандын бажычылары менен атышышкан. Анда бир бажы кызматкери жана бир кыргыз атуулу каза тапкан.

Андан кийин түнү бою куралдуу топ Кадамжай районунун борборун карай жылып, райондун борборунан алыс эмес бийик тоолуу Тамаша айылынын этек жагындагы тоолорго жашынууга аракет жасашкан.

Баткен облустук администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев окуя болуп жаткан жер жана куралдуу адамдардын калгандары тууралуу түштөн кийин буларды билдирди:

-Биздин балдардын эсеби боюнча, таштардын арасынан аткылагандардын саны алтоо болгон. Бирөөсү колго түшүрүлүп, бирөөсү өлтүрүлдү. Ошону менен төртөө калды. Аларды кармоого аракет кылып жатабыз. Колго түшүрөбүз, же жок кылабыз. Учурда Тамаша айылынын астында, Пүлгөндөн алты-жети чакырым алыстыкта операция жүрүп жатат.

12-майдын түнү башталган окуя абдан тез өнүккөндүктөн жергиликтүү калк эмне болгонун билбей калган. Кадамжай шаарчасынын башчысы Кубанычбек Машрапов «Азаттыкка» буларды билдирди:

-Мен өзүмдүн аймагымды кыдырып келдим. Эл тып-тынч. Эл эч нерседен кабарсыз.

Кол салуу болгонго чейин Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитовдун Өзбекстандын Риштан району аркылуу кыргыз аймагына өтүүсүнө өзбек чек арачылары уруксат бербей койгон. Ага жооп кылган Баткен облусунун жетекчилиги Өзбекстандын Сох анклавына өтүүчү жолду бир нече саатка жаап койгон. Эки мамлекеттин облустарынын ортосундагы мындай жагымсыз окуя жана куралдуу кол салуу кандуу Анжиян калабасынын бир жылдыгына улаалаш орун алып отурат.

Өзбекстанда тыю салынган «Эрк» партиясынын Анжиян облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Исраил Халдаров, 12-майдагы окуя Анжиян окуясынын бир жылдыгына карата уюштурулушу ыктымалдыгын жана ага эки күчтүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирди:

-Бул нерсе эки жактан уюштурулушу мүмкүн. Биринчиси, Анжиян окуясынын бир жылдыгында өзбек өкмөтү адамдарды дагы бир коркутуп коюш үчүн жасашы мүмкүн. Же, Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнүн колунан келген иш. Анткени алардын куралдуу күрөш жолун тандап алганы белгилүү. Ал эми Баткен облус бийлигинин «Хизбут тахрирдин» мүчөлөрү уюштурду дегени чындыкка коошпойт. Анткени хизбутчулар курал менен эмес, үгүт менен күрөш жүргүзөт.

Кыргызстандын коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов куралдуу адамдарды жок кылуу боюнча операция кечке чейин аяктаарын билдирди:

-Азыр үчөө-төртөө бар. Алар курчалган. Күч жетиштүү. Кудай буюрса, кечке чейин операция бүткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG