Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:14

КАДАМЖАЙ: КУРАЛЧАН ТОП ЭМНЕ БОЛДУ?

12-майда Кадамжай районунун Пүлгөн айылынан 6-7 чакырым алыстыкта 6 кишиден турган куралдуу топту жок кылуу операциясы жүрдү. Анда эки жоочу өлтүрүлүп, бирөөсү колго түшүрүлдү. Кыргызстандын чек арачыларынан кеминде үч жоокер жарадар болгон. 12-майда түнү Тажикстан тараптан келген куралдуу топ, Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн чегиндеги кыргыз бажы бекетине кол салган. Андан кийин район борборуна карай жылып, Тамаша айылынын тоолоруна жашынууга аракет жасаган. Туткундун билдирүүлөрүнө караганда, алар диний экстремистик уюмдардын мүчөлөрү жана Анжиян окуясынын бир жылдыгына карата өздөрүнүн куралдуу акциясын жасашкан.

Кыргызстандын Баткен облусунда куралдуу топтордун кол салуулары буга чейин бир нече ирет орун алган. Өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсүбүз деген куралчан адамдар 1999-жылы июль айында Баткен районунун Зардалы айылында пайда болуп, андан кийин август айы бою Кыргызстандын куралдуу күчтөрү аларды жок кылуу аракетин жүргүзгөн.

Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнүн куралдуу кол салуусу 2000-жылы кайталанган. 2001-жылы АКШдагы террордук чабуулдан кийин Ооганстанга антитеррордук коалициянын аскерлери киргизилип, Өзбекстан ислам кыймылынын башчысы Жума Наманганинин өлтүрүлгөнү кабарланган. Ошондон кийин Ооганстандагы кырдаал өзгөргөнгө жана Тажикстанда өкмөт күчтөнгө байланыштуу куралдуу топтордун кол салуусу токтогон эле.

Кадамжай районунун борбору Пүлгөн айылынан 6-7-чакырым алыстыкта 12-майда болгон кагылышуу тууралуу ошол эле күнү кечке жуук кыргыз чек ара кызматынын башчысынын орун басары, генерал-майор Садырбек Дубанаев эки жоочу өлтүрүлүп, бирөөсү колго түшүрүлгөнүн билдирип, операция учурунда кыргыз тараптан да жарадар болгондор бардыгын кошумчалады:

Бизден дагы үчөө жарадар болду. Алардын экөөсү жеңил, бирөө оор. Издөө жүргүзүп, караңгы түшүп кеткенге чейин жок кылууга аракет кылып жатабыз.

Кадамжай райондук ооруканасынын дарыгерлеринен кечинде алынган маалыматка караганда, кыргыз жоокерлери тараптан жарадар болгондордун саны бешке жетти. Аларга ооруканада тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө.
Баткен облустук администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан аймагына курал менен кирип келген топ тажик атуулдары жана Канибадам шаарынын тургундары. Алар Кыргызстан аймагынан чыкты деген тажик тараптын маалыматтары чындыкка такыр коошпойт. Куралданган топ кимдер жана алардын максаты тууралуу Эшалиев буларды билдирди:

Алар Тажикстан атуулдары. Согди облусунун Канибадам шаарынан болушат. Булардын максаты Анжиян окуясына кошумча кошуу. Террорчуларга жардам берүү болгон. Улуттары тажик. Бирок Өзбекстандагы «Хизбут тахрирдин» мүчөлөрү менен кызматташкан балдар экен. Бирөөсүн колго түшүрдүк. Бирөөсү өлтүрүлдү.

12-майдын түнүндө Тажикстандын Исфара районунда башталган коогалаңдуу окуя тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысынын орун басары генерал-майор Садырбек Дубанаев «Азаттыкка» буларды маалымдаган эле:

12-майда түнкү саат 2де Тажикстандын Исфара районундагы «Ляккан» чек ара бекетине алты адам кол салып, 19 автомат, бир пулемет, 4 миңдей ок-дары алып, биздин Баткен облусунун аймагына карай чыгышкан. Кыргызстандын Актурпак бекетине келип, ал жердеги Кыргызстандын бажычылары менен атышышкан. Анда бир бажы кызматкери жана бир кыргыз атуулу каза тапкан.

Андан кийин түнү бою куралдуу топ Кадамжай районунун борборун карай жылып, райондун борборунан алыс эмес бийик тоолуу Тамаша айылынын этек жагындагы тоолорго жашынууга аракет жасашкан.
Баткен облустук администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев окуя болуп жаткан жер жана куралдуу адамдардын калгандары тууралуу түштөн кийин буларды кошумчалаган эле:

Биздин балдардын эсеби боюнча, таштардын арасынан аткылагандардын саны алтоо болгон. Бирөөсү колго түшүрүлүп, бирөөсү өлтүрүлдү. Ошону менен төртөө калды. Аларды кармоого аракет кылып жатабыз. Колго түшүрөбүз, же жок кылабыз. Учурда Тамаша айылынын астында, Пүлгөндөн алты-жети чакырым алыстыкта операция жүрүп жатат.

12-майдын түнү башталган окуя абдан тез өнүккөндүктөн жергиликтүү калктын көпчүлүгу эмне болгонун азырынча билбейт. Кадамжай шаарчасынын башчысы Кубанычбек Машрапов «Азаттыкка» буларды кабарлады:

Мен өзүмдүн аймагымды кыдырып келдим. Эл тып-тынч. Эл эч нерседен кабарсыз.

Машраповдун айтымына караганда, жергиликтүү бийлик кыргыз жоокерлерине азык-түлүк жактан жардам берүү аракетин жасап жатат.

12-майдагы кол салуу болгонго чейин Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитовдун Өзбекстандын Риштан району аркылуу кыргыз аймагына өтүүсүнө өзбек чек арачылары уруксат бербей койгон. Ага жооп кылган Баткен облусунун жетекчилиги Өзбекстандын Сох анклавына өтүүчү жолду бир нече саатка жаап койгон. Эки мамлекеттин облустарынын ортосундагы мындай жагымсыз окуя жана куралдуу кол салуу кандуу Анжиян калабасынын бир жылдыгына удаалаш орун алды.

Өзбекстанда тыю салынган «Эрк» партиясынын Анжия облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Исраил Халдаров, 12-майдагы окуя Анжиян окуясынын бир жылдыгына карата уюштурулушу ыктымалдыгын жана ага эки күчтүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн айтты:

Бул нерсе эки жактан уюштурулушу мүмкүн. Биринчиси, Анжиян окуясынын бир жылдыгында өзбек өкмөтү адамдарды дагы бир коркутуп коюш үчүн жасашы мүмкүн. Же, Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнүн колунан келген иш. Анткени алардын куралдуу күрөш жолун тандап алганы белгилүү. Ал эми Баткен облус бийлигинин «Хизбут тахрирдин» мүчөлөрү уюштурду дегени чындыкка коошпойт. Анткени хизбутчулар курал менен эмес, үгүт менен күрөш жүргүзөт.

Кыргызстандын коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов куралдуу адамдарды жок кылуу боюнча операция кечке чейин аяктаарын жума күнү түштөн кийин билдирген эле:

Азыр үчөө-төртөө бар. Алар курчалган. Күч жетиштүү. Кудай буюрса, кечке чейин операция бүткөрүлөт.

Бирок, 12-майдын кечинде Кадамжайдан алынган маалыматка караганда, караңгы талаш жоочулар эки жерден ок чыгарууну улантышкан. Ошондуктан калган үч жоочунун бирөөсү мүмкүн жарадар болгон деген шек пайда болгон.
12-майда эрте менен жоочулардын артынан алгач чек ара кызматынын жоокерлери түшкөн. Кыргыз тараптан жарадар болгондордун баары чек арачылар. Түш чендерде окуя болгон жерге тик учак менен атайын багыттагы аскерлер жеткирилип, операция жүргүзүүнү колго алышкан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG