«Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Сабыр Абдымомуновдун маалыматына караганда, бул окуяда жети жоокер жарат алып, Кадамжай ооруканасына жаткырылган. Алардын бирөө оор абалда. Тажикстандан чыккан куралчан топтордун саны бешөө болгон. Алардын бирөө колго түшүрүлүп, калганы өлтүрүлгөн. 12-майдагы атайын операциялык иштердин жыйынтыгында Кызылкыя шаарында ошол куралчан топту күтүп турган дагы бир жан кечти кармалган. Буларды бийлик өкүлдөрү жана тартип коргоо кызматкерлери террорчулар деп атап жатышат. Тирүү калган эки жан кечтиге байланыштуу үч кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен облусунун прокурору Рыскул Бактыбаев билдирди.
Баткен облусунун Сарыталаа аймагындагы куралчан топторду жок кылуу операциясы кечээ кечки саат тогузга жакын соңуна чыкты. Эки тараптуу атышууда алты киши набыт болду.