Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:16

БАТКЕНДЕГИ АТАЙЫН ОПЕРАЦИЯ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?


Баткен аймагында жүргөн атайын операция учурунда алты адам окко учуп, сегизи жарат алды. Окуяга байланыштуу президент Курманбек Бакиев набыт болгондордун жакындарына бүгүн көңүл айтты. Ушундай эле көңүл айтууну АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да таратты. Атайын операция жүргүзүүгө Тажикстан аркылуу куралчан топтун Кыргызстандын чегарасына күч менен кирип келиши себеп болгон.

Баткен облустук администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин билдиргенине караганда, азыр кыргыз-тажик чегарасындагы атышуу токтоп, кайрадан жай турмуш өкүмү башталды. Бирок, атайын кызматтар куралчан топтордун кирүү аракеттери кайталанышы мүмкүн деп болжоодо.

Расмий булактардан алынган маалыматтарга караганда, 12-майдын таңында Тажикстан тараптан беш куралчан адам жыйырма кишиге жеткидей курал жарак менен Кыргызстанга Актурпак бажы посту аркылуу күч менен өтүшкөн. Атайын операциянын жүрүшүндө алардын төртөө жок кылынып, бирөө колго түшкөн. Таштемир Эшалиевдин айтымында, бул беш адам кошуна мамлекеттер тарабынан кылмышкер катары издөөдө жүрүшкөн:

- Буларды мурдатан эле СНБнын (коопсуздук кызматынын) балдары, Тажикстанда, Өзбекстанда издеп жүрүшкөн. Булар издөөдө жүргөн балдар. Булардан башка катталган эмес. Тажикстанда буларды алты айдан бери издеп аткан.


Бирок, кыргызстандык жана тажикстандык жарандардан куралган бул топ эмне максат менен келгендиги, кимдер экендиги тууралуу такталган расмий маалымат таратыла элек. Ошондуктан, куралчан адамдардын чегарага келиши баңги соодасы, террорчул аракеттер өңдүү өңүттөр менен байланыштырылууда. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев бул кадамды чегаранын акыбалын таразалап көрүү, сыноо үчүн да келип жатышы мүмкүн дейт:

- Өзүнүн күчүн көрсөтүүгө багытталган иш болгон. Ошондуктан, Тажикстандагы заставаны талкалап, он тогуз автомат, бир пулеметту алып кеткени анык болуп атат. Бул чегара кандай деген сыноо иретинде да болушу мүмкүн.

Саясатчы ар кандай анклавдардан турган бул чегара аймагынын сакчылары бардык учурда күчөтүлгөн даярдыкта болушу керек деп эсептеп, чегарачылардын атышта курман болушунун бир себебин дал ушул өңүт менен байланыштырды:

- Алар дайыма машыгып, шыктуу болуш керек, аскердик иш өткөргөнгө. Ошондуктан, мүмкүн аскердик даярдыгынын кемчилигинен бул балдар зыянга учурап калды.

Кыргыз-тажик чегарасындагы атышуу учурунда курман болгондордун жакындарына 13-май күнү АКШнын Кыргызстандагы элчилигине көңүл айтуусун билдирди. Ошондой эле элчилик эгемен өлкөнүн чегарасын, аймагын, өз атуулдарынын өмүрүн коргоого байланышкан аракеттерине тилектештигин билдирген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG