Маркум Тынычбек менен Рысбек Акматбаевдердин өлүмүнө себептер адамдарды аныктап берүүсүн талап кылган митингчилердин саны бүгүн 2 миңге чукулдады. Бишкек-Балыкчы жолун кече экологиялык өтмөктөн тоскондо Кубакы жолу аркылуу машиналар өтө качкандар болгон. Бүгүн алар Балыкчы шаарынын айлампа жолун кароол катары бекитишти. Элге Ысыккөл облусунун губернаторунун орунбасары Калыбек Алышбаев менен Балыкчы шаар башчысы Талант Бекжанов келип жогорку бийликтен жооп келбей атканын белгилеп, туризмге тоскоолдук болбосун, жолду ачалы деген сунушун эл четке какты.
- Тынычбекти,Рысбекти атып кеткендерди таап беришсин. Бул саясий максатта өлтүрүлгөн – деди "Тынчтык" элдик кыймылынын лидери Исмаил Кочкоров.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө удаа эле Рысбектин атасы Абдымалик дагы чогулгандарга чыгып, элге ыраазылыгын айтты. Ал эми Рысбектин өкүл атасы Акжолтой Насирдиновдун жолду ачалы дегенин эл кабыл алган жок.
"Тынчтык" элдик кыймылынын мүчөсү Кадыр Момоев болсо чогулгандарга Бишкектен 55 куралчан аскер чыкканын жарыялап, элди биримдикке чакырды. Ал эми митингдин катышуучусу Токтосун Өмүров күч органдар тарабынан кысым болуп атканын билдирди. Эл бүгүн көбүнчө Куловдун кызматтан кетишине басым жасап атышат.
Демилгелүү топтун мүчөсү Камчы аттуу жигит болсо учурда көл өрөөнүнүн Тоң жана Түп районундагы жолдор бекигенин жана кочкорлуктар да Кубакы жолун тосууга камданып атканын билдирди.