Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

КИШИМЖАН ЫРДАЙТ


Белгилүү ырчы-аткаруучу Кишимжан көк мелжиген аска-зоолуу, кадимки көзгө атар мергенчи Кожожаш айтылуу Авлетим тоолорунан аркар, кулжаларды терип аткан Аксынын Авлетим айылында жарык дүйнөгө келген. Оштогу Ниязаалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайынын ырдоо бөлүмүн бүтүргөн. Азыркы “Кыз бурак” тобунун алгачкы аткаруучуларынан болгон. Кыйла жыл айылдык мектепте музыка сабагынан мугалим болуп, кийин райондук маданият үйүндө иштейт.

Акыркы алты жылдан бери ырчы Ысыката районунун “Арашан” аттуу элдик фольклордук тобунда эмгектенүүдө. Таанымал ырчы бешиктен бели чыккандан ата-энесинен мукамдуу ырлардын кооз үлгүлөрүн угуп, шык учкунун тутантат. Ал секелек кезиндеги ырга ышкысы арткан күндөрүн, кимдин жардамы менен ыр дүйнөсүнө кадам таштаганын:

- Мен ырга болгон сүйүүмдү 6-7 жашка чыкканда сезе баштадым. Сиңдим экөөбүз үйүбүздөгү керебеттин үстүнө чыгып алып, так секирип күн-түнү дебей радиодон уккан ырларыбызды ырдай берер элек. Мектеп босогосун аттагандан ырга болгон ышкым арта баштады. Мандалин черткен Абибали агайым менен ырдаганымды жактырып өзү мандалинди чертип коштоосунда ырдатып жүрдү. Мектептин алдындагы өздүк көркөм чыгармачылыкка катыша баштадым. Мектепте окуп жүргөндө обончулардын, композиторлордун ырлары көп берилер эле. Аларды каалаган обондорго, сөздөргө салып ырдай берүүчүмүн. Айрыкча мага Аксуубай Атабаевдин “Он сегиз жаш”, Үсөн Сыдыковдун “Чагылган” аттуу ырлары жакчу. Ошондуктан бассам-турсам ырдай берер элем.


- Кишимжан айым ырчылык өнөрүңдүн өркүндөшүнө аттуу-башттуу ырчылардын тийгизген таасирлери болдубу?

- Бир күнү “Кыргызстан аялдары”журналынын жаңы санын карасам, сырткы бетине Сагыйпа Чечейбаеванын көргөндөрдүн көз жоосун алган улуттук кийим менен түшкөн эң бир сонун сүрөтү чыгыптыр. Мага аябай жакты. Буга чейин эжени жакшы билчү эмесмин. Кийген кийимине ашык болуп, бул ким деп издөө салдым. Радиодон аткарган ырларын угуп жүрдүм. Мага аябай жакты. Айрыкча Ж.Шералиевдин ырлары, К.Тагаевдин “Долонун” чегине жеткире ырдаганы, анан Ж.Шералиевдин “Геологдун ырын” да өзгөчө берилип аткарганы өтө жакты. Мен болсом эженин өзүн көрбөсөм да үнүн туурап ырдай баштадым. Сөздүн ачыгын айтсам, Сагыйпа эженин таасири мага көп тийди десем жаңылбайм.
XS
SM
MD
LG