Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ: “КЫТАЙ, КАЗАКСТАН МЕНЕН НАТЫЙЖАЛУУ КЫЗМАТТАШУУГА ШАРТТАР БАР»


(Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен маек)

- Аликбек мырза, Сиздин Кытайга иш сапарыңыздын максаты тууралуу айтып кетсеңиз?

- Өзүңөр билесиңер 15-июнда Шанхай уюмуна кирген мамлекеттердин президенттери чогулуп, беш жылдык мааракесин майрамдап, андан тышкары коопсуздук, экономикалык маселелерди ошондой эле кызматташтыкты күчөтүү маселелерин карашат. Ошого биз тышкы иштер министрлер Шанхайга 15-майда чогулуп, бардык маселелерди, даярдыктарды көргөн жатабыз. Биринчиден, коопсуздук маселеси, экинчиден экономикалык жана саясий кызматташтыктарды кандай бекемдейбиз деген маселелер каралат. Андан тышкары 9-10- июнда Кытайдын жетекчилери биздин президентибизди мамлекеттик визит менен чакырып жатат. Курманбек Салиевич Бакиевдин визитин мен Кытайдын тышкы иштер министри менен жолугуп, дагы бир сыйра тактап, кандай маселелер бар, кандай даярдык көрүш керек, программасын кандай түзөбүз деп дагы бир сыйра сүйлөшөм. Мындан мурун дагы такталган. Эми ошого даярдык көрөбүз.

Андан тышкары 5-6-июлда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев биздин президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевди расмий визит менен Астанага чакырган ошого даярдык көрүү катарында мен биздин коллегабыз министр Токаев менен жолугуп, дагы бир сыйра Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маселелерди, келишимдерди тактап, даярдык көргөнгө жолугушуп, бардык саясий, экономикалык жана гуманитардык жагынан кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин карайбыз.


- Сиз Кытайга кетип баратыптырсыз. Кытай менен Кыргызстандын экономикалык байланышынын эң негизги көрсөткүчтөрүнүн бири - кыргыз-кытай темир жолу, ошондой эле Ош-Эркечтам автожолу. Мына ушуга окшогон экономикалык маселелер да талкууланабы?

-Сөзсүз талкууланат. Биринчиден мына кечээ Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча. мамлекеттик комиссия бар. Ал жактан коммерция министринин орун басары жетектейт. Мага тапшырма берилген дагы эки күн ичинде жолугуп, сүйлөшүлүп, баардык маселелер такталып чыкты. Негизинен жакшы сүйлөшүүлөр болду. Жакшы келишимдерге келип жатабыз. Конкреттүү бир чоң проектилерге кытайлыктар бизди колдоп, жардам беребиз деп жатышат. Негизинен темир жол Кытай, Кыргызстан, Өзбекстандын ортосундагы эң бир маанилүү анан чоң проект ушул маселелер боюнча сүйлөштүк, мындан ары дагы кызматташууну күчөтөбүз. Азыр проектилер даярдалып, негизинен эксперттер иштегенге ушул келишимди түзүш керек. Келишим түзүлгөндөн кийин кайсы мамлекеттен кандай, канча инвестиция тартабыз деп сүйлөшүп жатабыз.

Экинчиден, Ош-Эркечтам жолу боюнча Кытай мамлекети бизге 40 миллион юань грант берип, Азияк банктан дагы грант берилип, Ош-Эркечтам автожолун оңдогонго аракеттерди жасап жатабыз. Андан тышкары Кызылкыяда цемент-шифер завод курулуп жатат. Чоң проект буга дагы Кытай мамлекети колдоп жардам берип жатат. Ошондой эле энергетика жагынан да сүйлөшөбүз, Кыргызстандан Кытайга Үрүмчү жагына электр жарыгын жеткиребиз. Саясий жагынан бул маселе чечилди. Эми биздин адистер аркылуу кандай каражат керек экенин, каяктан инвенстиция алабыз деп сүйлөшүү болуп жатат. Жалпылап айтканда, Кыргызстандын -Кытай, Казакстан менен натыйжалуу кызматташуусуна шаттар бар


- Сиздин комиссия тууралуу айтканыңыздан улам дагы бир суроо. Мына ушул комиссияда 2008-жылдан баштап Сарыжазда беш ГЭСтин курулушу, кытайлар менен биргелешип, баштоо жөнүндө бир сөз болуп жатат. Бул маселе талкууланган жокпу?

- Бул маселе азырынча талкуулана элек. Сарыжаз маселесин Пекиндеги борбордук өкмөт эмес, Үрүмчү өкмөтү чечет экен. Анткени Үрүмчү жактан чыгат да. Андыктан биз Үрүмчү өкмөтү менен сүйлөшүбүз керек. Ошондой келишимге келдик. Алар Пекинден борбордук өкмөттү колдойбуз деп жатат. Эми Үрүмчү өкмөтү менен сүйлөшкүлө деп. Бул долбоор катарында каралып жатат. Негизинен конкреттүү сандарга чыга элек.

- Аликбек мырза сизге ак жол.

- Рахмат, сиздерге да ийгилик болсун.

XS
SM
MD
LG