Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАНДЫН КООПСУЗДУК КЕНЕШ КАТЧЫЛАРЫ ЖОЛУКТУ


14-майда Баткен шаарында өлкөбүздүн коопсуздук кеңешинин төрагасы Мирослав Ниязов, Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Амиркул Азимов менен жолугушту. Сүйлөшүү жабык эшиктин артында өттү. Жергиликтүү журналисттерге берген маалымат жыйынында, жолугушуу негизинен 12-майда болуп өткөн окуяда кандай кемчиликтер кетирилгени жана мындан ары күч структуралардын эки тараптуу макулдашылган иш алып баруу тууралуу сүйлөшүү болгону маалым болду. Коопсуздук кеңештин төрагалары, куралчан топко тиешеси бар адамдар азыр деле Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагында болушу мүмкүн дешти.

Эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагалары алгач Тажикстандын Исфара шаарында жолугушту. Ал жерде тажик күч структура башчылары менен бирдикте 12-майдагы окуяда кетирилген кемчиликтер айтылды. Бул тууралуу Баткен облустук мамлекеттик администрациясынан маалымдашты. Ушундай эле эки тараптуу жолугушуу 14-май күнү Баткен облустук акимчилигинде болуп өттү. Жергиликтүү журналисттерге берген маалымат жыйында Коопсуздук кеңештин төрагасы Мирослав Ниязов, биринчи кезекте эки тараптуу макулдашылган иштерин жүргүзүшүбүз керек деди.

- Бирдикте иш алып баруунун кемчилдиги дайыма болот. Ушунун өзу биздин иш аракетибиздин өсүп өнүгүшүн талап кылууда. Бул үчүн биринчиден эки тараптуу такташтыруу жүргүшүбүз керек. Эмне болду, кимдер кай жерде туура так иш аткарды ошондой эле ким кайсы жерде кемчилдик кетирди. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биз идеалдуу эмеспиз.

Андан башка Коопсуздук кеңештин төрагасы Мирослав Ниязов, куралчан топко тиешеси бар адамдар азыр деле Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагында болушу мүмкүн деп билдирди.

-Бул кылмыштарга эмне себеп болгонун, булардын кандай максаты бар экенин изилдеп табуубуз зарыл. Куралчан топ менен байланышта турган адамдар азыр да Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда бар экени ыктымал. Азыр биргелешип иштешибиз керек. деди Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Мирослав Ниязов.

Ал эми Тажик коопсуздук кеңешинин төрагасы Амиркул Азимов 12-майдагы эки тараптуу иш алып барууга жакшы деген баа берип, алгач ирет расмий бийликтин кийлигишүүсүз эки тараптуу күч структуралары иш алып барганын белгиледи.

- Баардык иште кемчилик болот. Бирок 12-майдагы окуя дүйнөлүк тажрыйбага салыштырганда, биздин аракет жакшы жыйынтык берди. Ошол эки тараптуу иш аракет жакшы болгондугунан куралчан топ толугу менен жеңилип берди. Анан биринчи жолу биздин структура эч кандай расмий бийликтин кийлигишүүсүз эки тараптуу оперативдуу иш алып бардык. Биздин максатыбыз тапшырмаларыбыз бир болгон.

Ошондой эле Тажик коопсуздук кеңешинин төрагасы Амиркул Азимов, окуядан кийин, кыргыз тажик чегинде жайланышкан айылдын тургундары чегарадан өтүүдө эч кандай тоскоолдуктарга алынбасын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG