Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

ОРУС БИЙЛИГИ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ЧАБУУЛГА ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын башкы прокуратурасы ФСБ менен бирге өлкөнүн бажы жана экономикалык өнүгүү министирликтеринде иштеп келген жыйырмага чукул жетекчи кызматчынын үстүнөн кылмыш иштерин иликтөөгө киришти. Жума күнү Орусиянын жогорку палата төрагасы Сергей Миронов да Ямал-Ненец автономдук округу, Примор крайы жана Хакас жумуриятынан шайланган сенаттардын укуктары мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлө тургандыгын жарыялады. Агенттиктер болсо муну, орусиялык бажы ишкердигиндеги кеңири кулач жайган паракорчулукту ооздуктоо үчүн болуп аткан кампаниядан улам дешет.

Алдыңкы бейшембиде президент Владимир Путин элге кайрылуу жасап, ал жерде, «канча күч жумшабайлы, ушубакка өнүгүүбүзгө олуттуу бут тосуп аткан паракорчулуктун тамырын жулуп таштай албадык», деген эле.

Арадан үч күн өтпөй, б.а. 12-майда өлкөнүн күч органдарында кишилерди жумуштан алуу башталды. Министирлер орундарында калып экинчи, үчүнчү катардагы жетекчилер кызматынан кетириле баштады. Эң алды болуп бажы федералдык кызматы өз алдынча болуу укугунан ажырады. Ал мындан ары өкүмөткө баш ийүүчү мекемеге айланды. Жетекчиси (Александр Жерихов – ММ) эки орун басары менен иштен айдалышты. Анын ордуна мурда Путин менен бирге чалгынчылыкта иштеген Владимир Бельянинов келип отурду.

Президенттин жарлыгы менен ФСБнын төрт генералы кызматтан бошотулду. Ошол эле бейшемби күнү Орусиянын жогорку палатасынын төрагасы да төрт сенаттын укугун (Ямал-Ненец автономдук округдан шайланган Борис Гутин, Ненец автономдук округдан шайланган Александр Сабадаш, Примор крайынан шайланган Игорь Иванов жана Хакас жумуриятынан шайланган Аркадий Саркисянды – ММ) мөөнөтүнөн мурда ажыратуу тууралуу чечим чыгарды. Өлкөнүн башкы прокурору да тим калбай, ошол күнү эки жогорку орундагы кызматкерин иштен айдады. Ички иштер министри да кыйла офицерин кызматтан четтетти.

Анализчилер айткан болжолдо бул чабуул президенттин кайрылуусунда белгиленген дымакка жараша болгон аракет. Ырасмий чөйрө да мунун паракорчулукка каршы күрөш экенин жашырбайт. Ал туурасында, маселен, мурунку күнү Сочиде журналисттер менен жолугушуп олтуруп орусиялык лидер өзү айтты:

«Бул тартип сактоочу органдардын кыйлага созулган ишкердигинин натыйжасы. Иш аяктай элек. Ал бир эле бажылык эмес (башка – ММ) чөйрөдө да уланат», деди Владимир Путин.

Анализчилер иштен айдалгандар жана айдала электер арасынан азыркы тушта жыйырмадай киши үстүнөн кылмыш иши козголгонун белгилешүүдө. «Правда.ру» жазганга караганда Экономикалык өнүгүү министирлиги арзандатылган бажы салыгы менен 75 миң тонна эт үчүн мыйзамсыз лицензия бердирткен. Ошондой эле министрлик Грузия менен Молдовадан келген 1700 тонна шарапты мыйзамсыз сатыкка алып чыгууга уруксат бердирткен. Ушул эле эки аракет менен өлкөгө 27 миллион евро чыгаша келгенин белгилешет.

Саясатчы Дмитрий Бодовский айтканга караганда, бийлик тарап бул жолу деле күч органдарына кеңири таркаган паркорчулукту койдура албайт:"Кийинки он жыл ичинде эки жүзгө чукул адмиралдар менен генералдар үстүнөн кылмыш иштери козголгон. Бирок алардын ону гана абакка кесилди»,- дейт Бодовский мырза.

XS
SM
MD
LG