Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

ПРЕЗИДЕНТКЕ ЫКТАГАН ПАРТИЯЛАР БИР КОАЛИЦИЯГА БИРИГИШТИ


Кыргызстандагы президентке ыктаган бир катар саясий партиялар жана коомдук уюмдар «Куттуу Кыргызстан» коалициясына биригишти. Алар конституциялык реформага колдоо көрсөтүү максаты менен бириккенин жар салышууда. Ал эми байкоочулардын баамында, жаңы саясий бирикме президенттин саясатын коргоо максатында уюшулуп жатышы ыктымал.

«Куттуу Кыргызстан» коалициясынын өзөгүн ыңкылап алдында Курманбек Бакиев жетектеп турган кездеги Кыргызстан элдик кыймылына мүчө болушкан -"Эркиндик», «Жаңы Кыргызстан», «Эрк», «Фермерлер» партиялары түзүшөт. Булардан тышкары уюмга «Эл мурас», «Элет» өңдүү дагы алты партия, үй куруучулардан куралган ондон ашык коомдук бирикмелер, фонддор, бейөкмөт уюмдар киришти.

Коалицияга кирүүгө макулдук берген тараптардын бири, «Элет» саясий партиясынын лидери Накен Касиев коалициянын башкы максаттарынын бири катары азыркы президенттик башкаруудагы бийликти кармап турууну атады.

Демилгечилердин бири, «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин айтымында, коалиция Конституциялык реформаны ишке ашырууга кол кабыш кылууну ири максат катары алдыга коюп жатат:

-Куттуу Кыргызстандын бүгүнкү, эртеңки, жакынкы айлардагы негизги милдети – «Эркиндик» саясий партиясынын түзүп аткан Конституциянын президенттик башкаруудагы долбоорун талкуулап, элге сунуш кылуу. Күзгө чейин эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элибиздин укуктук деңгээлин жогорулатышыбыз керек. Күздө боло турган референдумга элибизди үндөшүбүз керек.

Тургуналиевдин айтымында, коалициянын атынан сунуштала турган долбоор «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлеринин бири, депутат Кубатбек Байболов иштеп чыккан долбоордон принципиалдуу айырмалуу болот. Бирок, мындай позиция коалиция кандайдыр бир саясий уюмдар менен каршылашуу максатында түзүлдү дегенди билдирбейт. «Куттуу Кыргызстан» башка саясий уюмдар менен көз караштар дал келген шартта кызматташууга даяр.

Ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Өмүрбек Абдырахманов «Куттуу Кыргызстан» менен «Реформа үчүн» кыймылынын табияты бири-бирине каршы келет деген ойдо. Анын көз карашында жаңы коалиция президент Курманбек Бакиев баштаган азыркы бийликке жагынуу, оппозициялык күчтөргө каршы туруу максатын көздөп түзүлдү. Уюмдун курамына кирген партиялардын башында өңчөй азыркы бийликтен кызмат күткөн же кызматта иштеп жаткан адамдар турат.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов жаңы коалициянын азыркы аракеттеринин айрым өңүттөрү Акаевдин убагындагы дүжүр аксакалдардын ураандарына окшоп кетип жатат дейт. Бирок, укук коргоочунун оюнда бардык өксүктөрүн эске алганда да, президентчил маанайдагы коомдук жана саясий уюмдардын конституциялык реформа жүргүзүү ураанын көтөрүп жатышын жакшы жышаана:

- Булардын түзүлүп атканын жакшы жышаан, демилге катары көрөм. Бул Байболов, Эшимканов өңдүүлөргө эле эмес, Тургуналиевге, анын артында тургандарга да реформа керек экенин дагы бир жолу тастыктап атат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG