Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

ГЛОБАЛИЗАЦИЯНЫН ШАМАЛЫНА ТҮРК ЭЛДЕРИНИН МАДАНИЯТЫ ТУРУШТУК БЕРЕБИ?


“Борбордук Азиядагы глобалдашуу, Европага жибек жолу” деген аталыштагы эл аралык семинар өз ишин аяктады. Илимпоздордун айтымында, аталган семинар Кыргызстандын илимин, маданиятын өнүктүрүү максатын көздөйт. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент менен болгон маегинде семинар тууралуу кененирек айтып берди. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сынара Алымкулова кабарчыбыз менен болгон маегинде семинар тууралуу кененирек айтып берди.

-Сынара айым ишембиде болуп өткөн эл аралык семинар тууралуу кыскача түшүндүрмө берип кетсеңиз?

- Бул семинар жыл сайын өтүлүүчү семинар, Борбордук Азияда немис стипендианттар бар, ДААД деп коёт. ( Немецкая академическая служба обмена) Немис академиялык алмашуу кызматы да, ДААДдын мурунку стипендианттары үчүн жыл сайын ушундай семинар өтүлөт. Бул жолку семинарга Түркменистан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандан келген мурунку стипендианттар катышты.

-Семинарда негизги орчундуу кайсы маселелер көтөрүлдү?

-Негизги орчундуу маселелер момундай: биринчи эң орчундуу темасы “диалог маданиятынын маданияты ”деген темага сүйлөдү да, негизги доклад ушул жөнүндө болду. Докладды жасаган окумуштуу профессор Кристиан Боде БООМдо ДААД кызматынын генералдык секретары болуп иштейт. Мисалы үчүн, Германияга барышкан мурдагы стипендианттардын стажировкалары ар кайсы түрлүү өткөн. Студенттер үчүн бөлөк, мектептин мугалимдери үчүн бөлөк, окумуштуу даражасы бар мугалимдер үчүн дагы бөлөк. Ар кайсы стажировкадан кийин кайта келип, өзүнүн өлкөсүнө, өлкөсүнүн өнүгүшүнө кандай салым кошуп аткандыгы тууралуу да кеп болду. Мунун баары жалпысынан айтканда глобализация процессинде мурунку ДААДдын стипендианттары кандай орун алат деген маселенин тегерегинде сөз болду.

-Ошол немис академиялык алмашуу кызматынан буга чейин Кыргызстандан канча стипендиант окуп билим алды?

-Жыл сайын үч миңге жакын кандидаттар ушул стипендияга катышат. Алардын ичинде биринчи айлампада жыйырма беш, отуз киши өтөт. Андан кийин ошол жыйырма беш , отуз кишинин бири өтөт. Мисалы үчүн жыл сайын эң көбү отуз беш киши тандалып алынып, Германияга барат, бардык аражатты ДААД көтөрөт.

-Бул немис академиясы канча жылдан бери Кыргызстан менен кызматташып келатат?

- Негизи өзү 1925-жылы түзүлгөн. Советтер Союзу учурунда биздин республикаларыбыздан абдан аз барышчу.Бирок 92-жылдан бери мындай түз катнаш жакшы болуп калып, жыл сайын көбөйүп, көбөйүп анан отуз беш кишиге жетти.

-Ушул өткөн семинардын Кыргызстанга канчалык пайдасы бар?

-Бул мындай да, биздин окумуштуулар өзүнүн изилдөөсүн жүргүзүш үчүн бул жакта мүмкүнчүлүгү жок. Кээ бир мугалимдер илимий ишин жактай албай, жылдар бою жүрүп калат да. А мисалы үчүн ушул стипендияны утуп алган адамга илимий иштерин иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир, эки айдын ичинде же андан көп болсун стипендия төлөнөт жана ал мугалим сабактан бошоп башка жумуштан колу бош болуп, бир гана өзүнүн изилдөө ишин жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгү бар.

-Сынара айым биздин алган маалыматтар боюнча сиз дагы ошол немис академиясынын кандайдыр бир колдоосун алды деген кабарыбыз бар, ошого да токтоло кетсеңиз.

- Ооба, мен 2001-жылы Берлинде түркология институтунда стажировкада жүрүп келдим. Андан тышкары, Берлиндеги абдан дүйнө жүзүндө эң чоң китепканалардын бири - мамлекеттик китепкана бар. Ошол китепканада иштедим жана Бранденбургдагы Илимдер Академиясы бар. Ошол Илимдер Академиясында стажировкада болуп келдим . Ошол менин илимий ишиме абдан жакшы түрткү болду да. Мындан тышкары мен биздин кыргыз элинин тарыхына тиешелүү илимий иштерди таптым. Анын бири Людвиг Лигетинин “Кыргыз этнониминин пайда болушу” жөнүндөгү макаласы . Мен аны келип орус тилине которуп , ал эмгек 2003-жылы жарыкка чыкты. Орус тилине которгон себебим кыргыз тилине караганда көбүрөөк окумуштуулар, негизги окуучулар окуганга түшүнүктүү болсун деген ой менен которгом. Азыр экинчи китепти которуп бүттүм, ал “Кытайдагы гунндардын өнүгүшү жана кыйрашы” деген китеп. Ушул китепти которуп бүтүп, азыр редакцияланып атат. Ушул китепти дагы мен Германияда жүрүп таап алып келген болчумун.

-Сынара айым, сиздин төркүнүңүз Алтайдан деп угабыз. Кыргыздардын мурдакы түпкү жери болгон Алтай тууралуу да тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүп жатасызбы?

-
Алтайда акыркы жолу экспедиция менен 2003-жылы болдум. Ошол экспедицияда биздин Кыргызстандын жана Россиянын окумуштуулары болду. Биз болсо Алтай, Тува, Хакасияда байыркы кыргыздар жашаган жерди кыдырып, изилдеп, ошол жактагы эстеликтер кандай деңгээлдегисин карап, экспедициянын эмгегинин негизинде бир китеп басмадан чыгардык.

-Сынара айым Алтайга барганда төркүндөрүңүздөргө да жолугуп, сагынычыңыз таркаган чыгаар?

- Ооба, албетте Алтайга барып өзүмдүн бир туугандарым, инилериме, эже сиңдилериме жолугуп келдим. Сагынычым таркагандай болду. Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери мен Бишкекте жашап, иштеп атпаймбы. Менин үй-бүлөм бул жерде болгондон кийин Кыргызстан менин Атамекеним болуп калды.Дегинкиси алтай-кыргыздын түбү бир элбиз да.

Азаттык подкаст

XS
SM
MD
LG