Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

АКШНЫН ТҮШТҮК ЧЕГАРАСЫН АРМИЯ КАЙТАРАТ


АКШнын президенти өлкөдөгү мыйзамсыз мигранттардын маселесин чечүү үчүн, түштүк чек араларына аскер жайгаштырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жорж Буш 15-майда жалпы улуттук теле-кайрылуусунда билдирди. Ошол эле мезгилде президент бардык 12 миллион мигрантты дароо депортациялаш керек деген саясатчыларды сабырдуулукка чакырды.

Өз кайрылуусунда Буш АКШнын Мексика менен чек арасына Улуттук гвардиянын 6 миң аскерин жайгаштурууну пландап жаткандыгын жарыя кылды. Анын сөзү боюнча, өлкөдө 12 миллион мигранттын көбү түштүк коңшулар экендигин эске алганда, мындай катаал чара көрбөскө айла жок:

- Ондогон жылдардан бери Кошмо штаттары өз чек араларын толук кайтарууга ала албай келди. Натыйжада биздин өлкөдө иштегиси келгендердин көбү чегарадан жашырынып өтүп, миллиондоп ушул жакта калып калышты.

Буш ошондой эле мигранттар биздин жумуш орундарын тартып алып, айлык-акынын төмөндөшүнө түрткү болуп жатышат, ошондуктан аларды дароо жапырт кууп чыгыш керек дегендерди сабырдуулукка чакырды. Анын ордуна эгер алар бала-чакалуу болуп, эмгеги менен АКШнын экономикасына салым кошуп келген болсо, айып төлөп, англисчени өздөштүрсө, Американын паспортун берүүнү туура көрөөрүн бышыктады.

Чегарага аскер жайгаштырууга байланыштуу айрымдар Улуттук гвардиянын мүчөлөрү ансыз да Ирак менен Ооганстандагы согуштан алсырап турганын айтышууда. Ал эми башкалар чегараны милитарлаштырганга каршы. Мисалы, Вашингтондогу Өкмөттүн саясатын изилдөө институтунун глобалдык экономика долбоорунун директору Сара Андерсондун пикиринде, бул чара АКШ түштүк коңшулары менен согуш абалында дегендей таасир жаратышы мүмкүн.

Ал ошондой эле мексикалыктар жана турмуштун айынан келген башка чет элдиктер Американын душманы деп ойлоп калышаарын белгилеп, анын ордуна миграция проблемасынын түпкүрүндөгү жакырчылык маселесин чечүү жагына басым жасоого чакырды.

Ал Европа Союзу кезегинде Греция, Ирландия, Португалия, Испания сыяктуу жарды коңшуларын көкүрөккө түртпөстөн, аларга чегарасын ачып берип, өнүктүрүү гранттарын бөлүү менен социалдык кызматтарды бекемдөөгө жана калктардын турмуш деңгээлинин жакшырышына көмөк көрсөткөнүн эске салды:

Балким Европа Союзунун үлгүсүн толук колдонуу мүмкүн эмес. Бирок коңшу өлкөлөрдүн карыздарын азайтып, же кечип кое алабыз. Каржалган өкмөттөргө жардам берүүнүн дагы башка жолдорун ойлоп тапса болот.

Кошмо штаттарында бүгүн жүздөгөн, а балким миңдеген кыргыз атуулдары бар. Алардын арасында арасында туристтик виза менен барып, ошол жакта мыйзамсыз калып калгандар да аз эмес. Вашингтондун соңку аракеттери аларга да Кошмо штаттарында мыйзамдуу жашап-иштөөгө мүмкүнчүлүк жаратып жатат.

XS
SM
MD
LG