Кылмыш дүйнөсүндө авторитет атыккан Рыспек Акматбаев Бишкекте 10-майда куралдуу кол салуунун натыйжасында атылып набыт болгон.
Рыспек Акматбаев апрель айында Балыкчыда депутаттык шайлоодон жеңип чыккан, бирок ага каршы козголгон кылмыш иштери сотто каралып бүтө электигине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы аны депутат катары каттабай келаткан.
Рыспек Акматбаев өткөн жылдан бери үч адамды, анын ичинде милиция полковниги Чыныбек Алиевди өлтүрүүгө катышы бар деп шектелип сотто суралып жаткан. Адегенде Бишкектин Биринчи май райондук соту анын күнөөлөгөнгө далилдер жетишсиз деп актаган чечим чыгарган. Жабыр тарткан тараптагылар бул чечимди талашып Бишкек шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот шайлоо аяктагандан кийин бул ишти апелляциялык тартипте карап баштаган болчу.
Рыспек Акматбаевдин бир тууганы парламент депутаты Тынычбек Акматбаев өткөн жылы октябрь айында түрмөлөрдү кыдыруу маалында киши колдуу болуп каза тапкан. Ошондон кийин Рыспек Акматбаев бул өлүмгө премьер-министр Ф. Куловдун катышы бар деп айыптап, анын отставкасын талап кылып Бишкекте бир топ күн бою өзүнүн таламдаштары менен нааразылык жыйынын өткөргөн болчу.
Дал ушул себептүү Рысбек Акматбаевдин өлүмү саясий буйрук болушу мүмкүн деген божомол пикирлер көп айтылууда.
Март айында Рыспек Акматбаев таламдаштары менен премьер-министрдин отставкасын талап кылып Бишкекке келип, Өкмөт үйүн камоого алганда, аны президент Курманбек Бакиев чыгып сүйлөшүп таркаткан. Ошондон кийин премьер-министр Ф. Кулов өкмөттө жыйын өткөрүп, уюшкан кылмыштуулуктун башын кыя чабуу жөнүндө ички иштер органдарына катуу тапшырма берген. Ички иштер министринин орун басары ошол жыйында Кыргызстанда бир гана Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу тынчтык бербей жатканын белгилеген. Өкмөт чечиминде кыргыздын номур биринчи кылмышкерин аныктоо, анын жок кылуу жөнүндө тапшырма коюлган. Азыр Балыкчыда каршылык акциясын өткөрүп жаткан Рыспек Акматбаевдин таламдаштары премьер-министрди дал ушул сөздөн кармашып, Акматбаевдин өлүмүн саясий буйруктун натыйжасы деп айыптап жатышат.
Расмий органдар өз кезегинде Рыспек Акматбаевдин өлүмүн кылмыштуу топтордун өз ара чыр-чатагынын натыйжасында болгон деген божомолго ыкташууда. Ички иштер министри Мурат Суталинов бул окуянын эч кандай саясий төркүнү жок деп массалык маалымат каражаттарына 11-майда берген интервьюсунда билдирген.
Сүрөттө : Рыспек Акматбаевдин Президентке жолугушууга кирип чыккан жакындары жана шайлоочулары