Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:10

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ : ЖОГОРКУ БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ КЫЗМАТЫН ПАЙДАЛАНЫП КОНКУРЕНТТЕРИН ЧЕТКЕ СҮРҮҮДӨ


Мамлекеттик жогорку бийлик өкүлдөрү кызматтарынан кыянаттык менен пайдаланып, ал аркылуу өз ишкердигин бекемдеп жатышат. Мындай мамиле Кыргызстанга келген инвесторлордун укуктарын тепсөөдө. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Өмүрбек Текебаев бүгүн ушундай билдирүү жасады. Өз билдирүүсүн депутат өкмөттүн цемент заводун куруу үчүн келген орусиялык компаниянын жагдайы менен негиздеди. Ал эми «Түштүк кыргыз цемент» ишканасынын өкүлдөрү муну экономикалык эмес, саясий маселе катары сыпатташууда.

Өмүрбек Текебаев тараткан маалыматка караганда, Кыргыз өкмөтү жаңы токтом долбоорун даярдап жатат. Анда өкмөт “Аксай-цемент» жабык акционердик коомуна Ноокат районунда цемент заводун курууга уруксат берген 27-марттагы токтомун жокко чыгарууда. Бул Ош облусунда энергетика ресурстарынын чектелүүлүгү жана экологиялык коопсуздук менен түшүндүрүлүүдө. Ошондуктан, өкмөт орусиялык компанияга заводду Жалалабад облусунун Ташкөмүр аймагында курууну сунуштоодо. Мындай жагдайды Текебаев биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөновдун үй бүлө бизнеси менен байланыштырды:

- Данияр Үсөновдун биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу болуп дайыналышы менен россиялык инвесторлордо проблема башталды… Башкача айтканда өкмөт «Аксай-цемент» жабык акционердик коому менен түзгөн контрагын жойду.

Саясатчынын пикиринде, мындай кадамга өкмөт «Түштүк кыргыз цемент» ишканасынын кызыкчылыгынан улам барып жатат жана ишкерлерге бирдей шарт түзүүнү кепилдеген мыйзамды бузууда.

Бул ишкананын курулушу Ош облусунун Кызылкыя аймагында мындан үч ай мурда башталган. Коомчулукта бул ишкананын артында Данияр Үсөнов жана анын жакындары тургандыгы айтылып келатат. Ишкана өкүлдөрүнүн бири Ильшат Утюшовдун айтымында, күнүнө эки миң беш жүз тонна цемент чыгарууга кубаттуу бул ишкана келерки майда ишке киргени турат. Инвесторлордун бири Ян Фишер баштаган кызыкдар тараптын билдиргендерине караганда, ишкананы инвесторлор тобу жана Инексимбанк каржылап жатат. Алардын бири Данияр Үсөновдун жубайы экендиги айтылууда. Ильшат Утюшов мындан саясат жасоого эч кандай себеп жок деген ойдо:

- Ал өз акчасын берип жатат. Мен Кыргызстанда кимдир бирөөгө компанияларды каржылоого тыюу салынган жагдайды билбейм.

Өмүрбек Текебаев муну коррупциянын башаты катары карайт:

- Мамлекеттик жооптуу кызматкер кызматтык маалыматты пайдаланып, кенге жана башка укуктарга ээ болушу - бул коррупциянын классикалык схемасы. Бул нукура эле кызматтан кыянаттык менен пайдалануу болот.

Парламенттин тармактык экономика комитети жума күнү бул маселени кызыкдар тараптардын катышуусунда талкуулаганы жатат. Буга Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановго «Аксай цемент» ишканасынын башкы директору Якименконун кайрылуусу себеп болууда. Катта Кыргызстанда бирдей шарт түзүп берүүгө көмөктөшүүнү сурап Россия өкмөтүнө жана өкмөттөр аралык комиссияга ишкана кайрылгандыгы жазылган.

«Түштүк кыргыз цемент» ишканасынын инвесторлору болсо «Аксай цементтин» Орусияга тиешеси жок деп айтып чыгышты. Алардын оюнда саясий кызыкчылыкты көздөгөн тарап бул маселени атайын көтөрүп, өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат.

Текебаев ишканалардын айланасында козголгон маселени көп мыйзам бузуулардын бири катары баалады:

- Буга окшогондор абдан көп. Бирөөнүн автостанциясын, бирөөнүн участогун, дагы бирөөнүн маршрутун тартып алды деген маселелер абдан көп. Мунун баары баш аламандыкка, зордук-зомбулукка, мыйзамсыздыкка барып такалат. Биз мыйзамдын тартиптин сакталышын талап кылабыз.

Текебаевдин айтымында, бул «Реформа үчүн» кыймылы 29-апрелде койгон талаптардын бири. Бирок, бул талаптарга өкмөт маани бербей жатат дейт.

Сүрөттө : Өкмөттүн биринчи вице-премьери болуп жакында кайрадан дайындалган Данияр Үсөнов.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG