Азыр Чеченстанды премьер-министр Рамзан Кадыров тейлейт. Ал президент Алу Алхановко да баш ийбейт жана жумуриятты атайын түзүлгөн куралдуу топтор аркылуу башкарат. Эл аларды "кадыровчулар" деп атайт. Кимдир бирөө Кадыровко каршы чыкса, алар андайларды эч сотсуз жана прокурордун буйругусуз кармап, жашыруун абактарда кармап, кыйнайт.
Британиялык "Санди таймс" гезити 1-май күнү Ахмед Исаев деген адамдын интервьюсун жарыялады. Ал адам ошондой абакта жатып чыккан экен. Чындыгында ал абак эмес эле, бир мектептин спортзалы. Анда көптөгөн адам чынжырлар менен байланып кармалат жана алардын айрымдарын Рамзан Кадыров өзү келип сабап, алардын денелери аркылуу электир тогун өткөрүп кыйнайт.
Адам укуктар боюнча эл аралык Хельсинки федерациясынын аткаруучу деректири Аарон Родстун айтымында, алар жакында Чеченстандагы абал тууралуу кеңири отчет жазып, аны Европа Кеңешине тапшырды. Ал отчетто - андай жашыруун абактарды кармап, кайтарууга Орусиянын федералдык аскерлери да катышат деп айтылат. Негизинен ал абактарда - жаштар кармалат:
-"Чеченстанда кармалгандардын көпчүлүгү - 'кадыровчуларга' кошулгусу келбеген жаштар. Жаштардын Чеченстанда азыр мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, 'Кадыровчулар' болсо аларды катуу куугунтуктайт жана өз катарына кошуп алууга умтулат. Башка куралдуу топтордун коргоосун таба албаган андай жаштарды 'кадыровчулар' кармап алып, абакка отургузуп, кыйнайт", - дейт Аарон Родс.
"Санди таймс" гезити жазган Ахмед Исаев болсо абакка - баласы үчүн түшкөн. Анын уулу Саид мурда Кадыровдун командасында иштеген, бирок кийин чет өлкөгө качып кеткен. "Кадыровчулар" анын атасын кармап алып, уулун кайрадан Орусияга кайтарып келүү максатында кыйнап, абакта 311 күн кармаган.
Анткен менен маскөөлүк бийликтин мындай абалга болгон мамилеси өзгөчө. Президент Владимир Путин былтыр Рамзан Кадыровко Орусиянын баатыры деген наам берди. Кадыров күзүндө отузга толот жана президенттик үчүн күрөшүүгө укук алат. Анын жакындары азыртан эле президент Алу Алхановду кызматтан кетирүү аракеттерин көрө баштады. Ошондуктан Путин жакында Кадыров менен Алхановду Кремилге чакырып, экөө менен тең сүйлөшүү өткөрүп, элдештирди.