Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

ОППОЗИЦИЯ 27-МАЙДА МУРДАКЫ ТАЛАПТАРЫН КАЙТАЛАП КОЕТ


Оппозициялык күчтөрдүн «Реформа үчүн» кыймылынын штабы бүгүн жыйын өткөрүп, 27-майга белгиленген митингди өткөрүү тууралуу акыркы бүтүмүн чыгарды.

«Реформа үчүн» кыймылынын уюштуруу жыйыны жабык өтүп, оппозициячыл саясатчылар бул жыйын тууралуу кеңири маалымат берүүнү каалашкан жок. Кыймылдын айрым мүчөлөрүнүн кийинчерээк айткандарына караганда, 27-майга белгиленген митинг мурдагы акция сыяктуу эле уюштурулуп, ал тынч өтөт. Мурдагы талаптар күчүндө калып, жаңы талаптар кошулбайт. Лидерлердин бири, «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынын башчысы Кубатбек Байболовдун айтымында, мурдагы талаптар конкреттештирилет.

«Реформа үчүн» кыймылы 29-апрелдеги митингде тогуз талап коюп, 27-майга чейин аларды аткарууну расмий бийликке сунуштаган. Анын ичинде конституциялык реформаны тез арада жүргүзүү, тартип коргоо органдарын реформалоо, кылмышкерлерге, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, бир катар жооптуу кызматкерлерди кызматтан кетирүү, үй бүлө бизнесин практикалоону токтотуу, экономикалык субьекттерге бирдей шарт түзүү, президенттин алдындагы аткаруу органдарын жоюу өңдүү талаптарды коюшкан.

Өткөн аптада президент Курманбек Бакиев оппозиция атын атаган Таштемир Айтбаев, Үсөн Сыдыков, Дастан Сарыгулов өңдүү мамлекеттик жооптуу кызматкерлерди ээлеген орундарынан бошотту. Муну байкоочулар тараптардын кепке келишин шарттаган жакшы жышаана катары сыпатташкан. Анткен менен, оппозициячыл саясатчылар президенттин бул кадамын түр көрсөтүү катары баалашып, азыркы бийлик кадр алмаштырууга эмес, ириде системалык реформага барышы керек деп жатышат. Мындай пикирин бир күн мурда уюштурган маалымат жыйынында кыймылдын теңтөрагаларынын бири Өмүрбек Текебаев билдирген:

- Азыркы бийлик кадр маселеси боюнча бир катар чараларды көрдү. Бизден мындай жүрүшкө канагаттандыңарбы деп сурап атышат. Биз кадр маселеси башкы деп эсептебейбиз. Ал арттагы маселелерден болчу. Мен 29-апрелдеги митингдеги талаптардын бирин эскертип коеюн, бешинчи пунктта экономикалык субьекттерге тең укук түзүп берүү деп турат.

Талдоочулар келерки митингде талаптардын күчөтүлбөй калышын кадрдык өзгөрүүлөр менен байланыштырып жатышат. Мурда оппозициячылар, эгер, талаптар аткарылбаса, тандемдин отставкасын талап кылаарын айтышкан эле. Оппозиция бийликке жаңы талаптарды койбогону менен, бийликке элдин саны аркылуу сүр көрсөтчүдөй. Штаб мүчөлөрү 27-майда боло турган митингге 40-50 миң чамалаш адам катышаарын болжоп жатышат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 29-апрелдеги акцияга 15-17 миңдин тегерегинде адам катышкан.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG