Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

ИНГУШЕТИЯДАГЫ ЖАРДЫРУУДАН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ МЕРТ БОЛДУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ Ингушетияда жардыруу болуп анын айынан 7 киши көз жумган. Мерт болгондордун бири – ал жумурияттын ички иштер министиринин орун басары Жабраил Костоев болуп чыккан. Мурда күнү дагстандык Кылылюрт шаарчасында согушчандарга каршы тандалган аскерлер тобу атайын операция жасап, натыйжада бир ОМОН жоокери окко учуп, ондон ашуун милиция кызматкери жарадар болушкан. Эки сааттан ашуун уланган кармаштан соң эки согушчан да жок кылынган. Эки жумурият прокуратурасы алар боюнча террорчулук беренеси астында кылмыш иштерин козгошкон.

Кечээ курман болгон Жабраил, аны тааныгандардын айтканына караганда, Костоевдер тукумунан киши колдуу болгондордун үчүнчүсү экен. "Согушуучулар Назран калаага 2004-жылы жайында кол салышканда Ингушетия ИИМ министрлигинин милдетин аткарып аткан Абукар Костоев курман болот. 2005-жылы 2- ноябрде милиция кызматкери Зубайер Костоевди да кимдир бирөө атып кеткен» деп АПН жазат.

Министрге орун басар Жабраил Костоевди буктурмалоо шаршембинин таңында, саат 8 ченде, Насыр-Кортовдук муниципалдык округда болгон. Жол боюнда турган ВАЗ катуу жарылып анын илеби Жабраил олтурган машинени 25 метрдей алыска ыргыткан. Натыйжада 7 киши кайтыш болгон. Алардын бири министрдин орун басары, экөө аны кайтаруучулар жана машине айдоочусу жапырт каза болушкан.

Басылмаларда пайда болгон аңырттарда, маселен, «Новые известия» жазганга караганда «буктурма коюуга чечен террорчулар лидери Шамил Басаевдин тийиштиги бардай», деген ой бар. Ошондон улам кайсы бир анализчилер Маскөө «Чеченстанда жагдай толук көзөмөлгө алынды», дегени менен ок атышуу Түндүк Кавказдын бардык булуң бурчтарына таркап баратканын белгилешет.

Баса мурдагы күнү Дагстанга караштуу Кызылюрт шаарачысында да ок атышуу болгон. Ал жерде көп кабат үйгө түнөгөн эки согушуучулар жолун федералдык тараптан күч тороо болду. Буйнак райондук банда өкүлдөрү деген Ибрагим Ибрагимов менен Абдулжамид Кабашилаев жок кылынды.

«Азаттыктын» ал жумурияттагы кабарчысы Тимур Салимов айтканга караганда, тандалган жоокерлер бири ок жеп ошол жерде каза болгон. Андан сырткары, атышуунун натыйжасында дагыстандык ички иштер министрлигин он жоокери жарадар болушту. Алардын арасында Орусиянын баатыры, министрдин орун басары Загид Загидов да бар.

Эки күнү согушуучулар менен болгон ок атышуулар боюнча бийлик «террорчулук», «куралды үйдө беймыйзам кармоо» жана «тартипти сактоо органынын кызматкерлерине аларды өлтүрүү максатта кол салуу» беренелери астында кылмыш иштерин козгогон. Кремл болсо кийинки учурда Түндүк Кавказда эч кандай согуштук аракет жок экенин кайталап келет. Жылдын башында президент Путин, маселен, журналисттерге ушундай пикир айткан:

«Ал жакта (Кавказда – ММ) эч кандай согуш жок. Террорчулардын ири түзүлүштөрү жок кылынды. Алар дагы да кайсы бир кол салууларды террордук актыларды жазай алышат. Бирок алардын колунан келери жангыз ушулар болот»,- деген эле Владимир Путин.

Кабарин-Балкар жумуриятында бул күндөрү курал- жарак катылган үңкүр табылганын бийлик жарыялады.
Владикавказда 2004-жылы Бесланда барымтага алуу маалында колго түшкөн Нурпаши Кулаевдин үстүнөн сот өкүмүн чыгаруу иши да уланып атат.

XS
SM
MD
LG