Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ : САЯСИЙ КРИЗИСКЕ БАКИЕВ-КУЛОВ КҮРӨШҮ БАШКЫ СЕБЕП


Кыргызстандагы саясий кризистин башкы себеби конституциялык реформанын кечеңдешинде эмес, акаевчил Бакиев менен акаевчил Куловдун жаатташкан (кландык) күрөшүндө болуп жатат. «Асаба» жана «Эрк» партиясынын лидерлери бүгүн ушундай билдирүү жасашты. Эки партия билдирүүсүндө тандем өз кызыкчылыгы үчүн элди экиге бөлүп жатат деп сындады.

Бул эки партия Кыргызстандагы саясий кризисти Конституциялык реформанын кечеңдешинен эмес, дал ушул тандемдин таймашынан көрөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча топтун башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров мындай деди:

- Бул болгону шылтоо. Биз бүгүнкү саясий кризистин башкы себеби деп Бакиевдин жакындары, урук-туугандары жана Акаевдин «Алга, Кыргызстан» партиясынын жоон тобунан түзүлгөн акаевдик-бакиевдик жана Куловдун элдик конгрессине жана тымызын Акаевдин жакын тууганы колдогон акаевдик-куловдук эки кландын байлык жана бийлик талашы жана Бакиев-Кулов тандеминин эки жүздүү саясаты деп эсептейм.

«Асаба» жана «ЭрКтин» баамында тандемге жамынган эки саясатчы өз кызыкчылыктары үчүн элди түндүк-түштүккө бөлүү аракетин кылууда:

- Биз ошондой деп эсептейбиз. Себеби, биздин кабарыбыз бар, мен өзүм түштүктөнмүн, автобустарга дүжүр чалдарды, дүжүр аялдарды салып алышып, мынакей аркалыктар бийликти талашып жатышат дегендей үгүт жүргүзүп жатышат. Бул жакта деле автобустарда, эл арасында ушундай саясат жүргүзүп аткандар бар.

«Реформа үчүн» кыймылынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин баамында Бакиев менен Кулов бири-бирине ишенишпейт. Бул тирешүүгө алып келип жатат. Ал эми Бекназаров белгилеген кландык кармашка Реформа үчүн» кыймылынын тиешеси жок дейт:

- Эгерде, Бекназаров кимдир бирөө, анын ичинде «Реформа үчүн» кыймылы Бакиев же Кулов жактык деп айтса чоң жаңылышат. Биз мамлекеттин саясатына нааразы болуп атабыз. Биз Бакиев менен Куловдун экөөнүн тең саясатына нааразыбыз. Биз эч качан буларды түндүк-түштүккө, карама-каршылык жараткан жокпуз. Ушундай айткандардын өздөрү туура эмес айтып атышат.

Бирок, кыйла талдоочулар акыркы күндөрү удаама-удаа пайда болуп жаткан саясий топтордун максаттарын дал ушул тандем таймаштын жемиши катары сыпаттап жатышат. Каттоодо турбаган Кыргызстан патриоттук партиясынын лидери Назарбек Нышанов Текебаев, Атамбаев, Байболов өңдүү саясатчылардын башын кошкон «Реформа үчүн» кыймылы Феликс Куловго, Үсөн Сыдыков, Топчубек Тургуналиев өңдүү саясатчылар бириккен «Куттуу Кыргызстан» кыймылы Бакиевге жан тартып турушканын айтат.

«Азаттыкка» берген интервьюсунда президент Курманбек Бакиев бийлик мелжеген саясатчылар тандем маселесин атайын курчутуп атат деген оюн айткан:

- Саясий оюн - бул. Саясатчылар атайын ушул маселени көтөрүп, курчутуп атат. Себеп дегенде экөөбүздү эки жакка ажыратып койсо, «мунусу кетти, эми кана мунусун да кетириш керек» деген бийлик талашмай, кыскасын айтканда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG