Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

ЖАЛАЛАБАТ: БАЗАРКОРГОНДУН АКИМИН АЛЫП ТҮШҮҮ ҮЧҮН КОЛ ТОПТОЛУУДА


Базаркоргондо түзүлгөн демилгелүү топ райондун акими Айтмамат Осмоновду кызматтан кетирүү максатында кол топтоо жүргүзүүдө. Демилгелүү топ акимди райондо социалдык-экономикалык абалды оңдоонун ордуна убакыттын көбүн саясий оюндарга жумшап, элди экиге бөлүп жатат деп айыптоодо. Райондун башка тургундарынын пикиринде Айтмамат Осмонов акимдикке коюлгандан бери аймактын экономикасын көтөрүүнүн үстүндө иштөөдө жана аны кызматтан кетирүү иш-чарасы – райондогу оң жылыштарды көрө албаган адамдардын жөрөлгөсү.

Базаркоргон районунун акими Айтмамат Осмоновду кызматтан кетирүү үчүн эл ичинен кол топтоого, демилгелүү топтун башчысы Олжобай Боронбаевдин айтымында, аким убакыттын көбүн райондун турмушун оңдоого эмес, башка иштерге жумшаганы себеп болгон:

- Убактысынын көбүн саясий интригалар, митингдер менен алектенип, райондун элин экиге бөлүп, эл ынтымагын ыдыратып, бөлүп-жарып жаткандыгын белгиледик. Бир жылдан ашык убакыттан бери ошондой жумуштар менен алектенип жүрөт. Ошондуктан биз демилгечи топ кол топтоп, ишинен чакыртып алуу боюнча иштерди улантып жатабыз,- - деди Олжобай Боронбаев.

Топтун мүчөсү Калбек Алиев кол топтоо ишине жергиликтүү бийлик кысым көрсөтүп жатканын билдирди.

Базаркоргондо көйгөйлүү иштер аз эмес. “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Сеит Кадырбековдин пикири боюнча жолдор оңдолбой, дарыя жээктери бекемделбей, айрым айыл-кыштактарына суу ташкын коркунуч келтирүүдө. Райондук бийлик мындан тышкары дыйкандарга кам көрүүсү зарыл болчу деп эсептейт ал:

- Караүңкүр сайынын жээгиндеги Сейдикум, Кызыл айылдарында дайыма эле болуп келген суу көп болгон жээгиндеги айылдарга коркунуч келет. Ошону менен бирге айыл чарба министрлигинен дыйкандарды урук, ГСМ менен камсыз кылуу иштери менен алектениш керек эле. Бул киши азыр президент менен парламенттин ортосунда оротомчу болуп алды. Элдерди уюштуруп парламентти каралап, президентти актап, митингден башы чыкпай калды.

Базаркоргондук башка шайлоочулар жогоркудай демилгени кубатташпайт. Акматалы Маматовдун байкоосунда акимди кызматтан кетирүүнү бийликке кызыккан адамдар уюштурууда:

- Бул киши элдин турмуш-тиричилигин оңдоо максатында иш жүргүзүп атат. Эл менен бирге. Аны ортодо жүргөн, эски бийлик бутактарында тургандар эки элдин ортосунда ушак таратып атышат.

Райондо улут аралык мамилеге доо кеткен жок. Базаркоргон айылынын тургуну Хабибулла Якубжанов аким Айтмамат Осмоновдун элди бөлүп-жарганын байкай элек:

- Шайланганына бир ай болду, убакыт берели иштеп көрсүн. Аны жактырган үчүн элдер шайлаган болсо керек. Элди бөлгөнү тууралуу мен билгеним жок.

Райондо былтыркы жылы сегиз жарым пайыз өсүү болгон. Асфальт заводу ишке түшкөн. Райондун ардактуу атуулу Эрмамат Осмоновдун көз карашы боюнча депутаттардын 90 пайызы жактырган Айтмамат Осмоновду президент менен акимдин ишине ич күйдүүлүк кылгандар аны кызматтан алуу максатында каралоодо:

- 2005-жылы район 8 жарым пайызга экономика жагынан өстү. Асфальт заводу курулду. Бул Айтмамат Осмонувдун иштеген эмгегинин негизги жүрүшү. Айтмамат ушул жерде 28 жыл ар кайсы кызматта иштеп аткандыгын көрө албагандар ушул сөздү чыгарып жатат, - деген жообун айтты акимдин агасы Эрмамат Осмонов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG