Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

ПАСПОРТ КӨЙГӨЙҮ ЧЕЧИЛҮҮ ЖОЛУНДА


Коом жана турмуш 2005-жылдын май айынан декабрь айына чейин маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчилиги тарабынан 8 500 кишиге берилген паспорт бүгүнкү күндө жараксыз болуп калууда. Анткени бул паспортторду учурда Кыргызстандыктарды паспорт менен камсыздап жаткан “Регистру” компаниясы өзүнүн тизмесине кийрүүдөн баш тартууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандыктарды паспорт менен камсыздап жаткан “Регистру” компаниясынын өкүлү Талант Жумадыловдун айтуусунда, бул паспорттор “Регистру” тарабынан берилип жаткан паспорттордун катарына кирбейт жана мамлекеттик агенттиктин да маалымат тизмесине киргизилген эмес. 18-майда паспорт иши боюнча маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин иши менен таанышкан өкмөт башчы Феликс Кулов бул маселени чечүүнү аталган агенттиктин жана “Регистру” компаниясынын кызматкерлерине тапшырып, эл аралык миграция уюмунун өкүлүнөн колдоо көрсөтүүнү өтүндү. Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Златко Зигичтин айтуусунда, 8 500 паспорт боюнча маселени чечүүнүн жолун донорлор менен кеңешүү зарыл. Жакынкы арада бул паспорттордун ээлерине же башкадан жаңы паспорттор берилет же мыйзамдуу деп саналып, маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча агенттиктин тизмесине киргизилүүсү мүмкүн.

Паспорт даярдоочу “Регистру” компаниясынын ишке киришкенине жарым жылдан ашуун убакыт болуп калса да, паспорт көйгөйү Кыргызстандык жарандардын номур биринчи маселеси бойдон калууда. ИИМ алдындагы паспорт жана виза башкармалыгынын жетекчиси Эркин Арапбаев декабрь айынан бүгүнкү күнгө чейин паспортко өтө муктаж жарандардын 75% камсыздалгандыгын маалымдады. Анын айтымында, Бишкектик жарандардан 84 миңден ашуун жалпы жарандык паспортко арыз түшкөн. Алты ай ичинде 25 450 кишиге паспорт берилди. Ал эми Чүй облусунда жалпы жарандык паспортко 24 825 адамдан арыз түшкөн, ал эми ички паспорт алууну каалагандардын саны 115 миңге чукул.

-Бүгүнкү күнгө чейин жалпы республика боюнча 120 миң паспортту ээлерине бердик, -дейт Эркин Арапбаев, - Дагы 1-2 айдын ичинде 75-80 миң адамды паспорт менен камсыздай алабыз. Азыр Бишкек шаарын менен Чүй облусунда паспортко өтө муктаж кишилердин саны кыйла азайды. Бирок маселе түштүк облустарда бар. Өзгөчө Баткен жана Жалалабад облустарында паспортко өтө муктаж кишилердин саны азайбай жатат.

Өкмөт башчы Феликс Кулов Баткен жана Жалалабад облустарынын элин паспорт менен тезирээк камсыздоонун зарылдыгын айтып, бул аймактарга кошумча кызматкерлерди жиберүүнү талап кылды.

- Мага Баткенден арыздар түшүп жатат. Анткени Орусияга иштегени негизинен түштүктөн кетип жатышпайбы. Алар шашып жатышат. Иш күчөгөн убак бүткөндөн кийин паспорттун кереги жок болуп калат. Аларга паспорт бүгүн керек. Ошондуктан, сиздер борбордук аппараттан кошумча кишилерди жибергиле.

XS
SM
MD
LG