Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

ОШ : КЫРГЫЗ ЧЕГАРАЧЫЛАРЫ МЕНЕН ӨЗБЕК АТУУЛДАРЫНЫН ОРТОСУНДА ЧЫР ЧЫКТЫ


Карасуу шаарында кыргыз-өзбек чегарасын бузуп кирген бир өзбек атуулу кармалды. Адегенде, Өзбекстандын эки атуулу кыргыз чегарачыларына баш бербей, аларды таш менен уруп, бирөө кыргыз тарапка өтө качкан. Аны кармоого аракет кылган чегарачыларга жергилктүү тургундар таш жаадырышкан.

Карасуудагы Арашан чек ара тилкесинде эки өзбек атуулу чегарачылардан Кыргызстандын аймагына өтүүнү суранышкан. Чегарачылар макулдук бербей койгондон кийин катардагы жоокер Нышановдун башына таш менен уруп жиберишкен. Чегарадан качып өтүп кирип келген өзбек атуулунун бири Карасуу шаарынын Өзбекстан менен чектешкен Арашан кичи районундагы туугандарыныкына жашырынган жеринен кармалды. Чегара бузуучуну кармоо учурунда отузга жакын жергиликтүү калктын өкүлдөрү каршылык көргөзүшүп, чегарачыларды көздөй таш атышкан. Бул учурда чегарачылар автоматтан абага ок чыгарышкандан кийин гана чатак басылган. Учурда чегараны бузуп кирген өзбек атуулу Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, анын үстүнөн кылмыш иши козголууда. Мындай маалыматты 19-май күнү Ош чегара отрядынын жетекчилиги таркатты.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG