Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

ЧЕРНОГОРИЯ СЕРБИЯНЫ ЖАЛГЫЗ КАЛТЫРМАК БОЛУУДА


Жекшемби күнү Черногорияда жалпы элдик референдум өттү. Ырасмий эмес эсептөөлөргө караганда, шайлоочулардын 55,3 проценти республиканын күнкорсуздугу үчүн добуш беришти. Евробримдик койгон шартка ылайык, референдумга катышкан шайлоочулардын 55 проценти конфедерациядан чыгуу үчүн добуш беришсе, черногориялыктар эми өз алдынча мамлекет болууга мыйзамдуу укук алат.

Добуш берүүнүн ырасмий жыйынтыгы дүйшөмбү күнү кечке жуук чыгат. Бирок, алдын ала эсептөөлөргө таянып, 670 миң эли бар Черногория Республикасы мындан үч жыл мурда Сербия менен түзүлгөн биримдиктен чыгып, өз алдынча мамлекет болууга багыт алды десе болот.

Талдоочулардын айтышынча, республика калкынын 32 процентин түзгөн сербдер менен 14 процентине тете босняктар же мусулман славяндар Черногория Сербия менен бирдиктүү федерацияда калууну жакташат. (Черногорлуктар республикадагы элдин 40 процентине барабар). Босняктар жашаган Санзак району чек ара аймагында жаткандыктан, алар конфедерация бөлүнсө, калктын бир бөлүгү Черногорияга, экинчи жарымы Сербияга кошулуп калат деп, бөлүнүүгө каршы чыгып жатышкан.

Күнкорсуздук идеясынын башында Европага интеграциялануу саясатынын жактоочусу -премьер-министр Мило Жуканович турду. Шайлоо алдында, “Азаттыктын” Подгорицадагы кабарчысы Петар Комненичтин билдиришинче, жалпы эл эки жаатка бөлүнүп калган эле:

- Коомдун жикке бөлүнгөнү ачык. Күнкорсуздукту көпчүлүк интеллектуалдар, маданий кызматкерлер, актерлор, ырчылар, белгилүү футболчулар жакташса, биригели дегендердин тарабында - караламан эл турат. Муну күн сайын эки тарап жүргүзүп жаткан пропаганда көрсөтүүдө.

Черногория коммунисттик Югославиянын курамында Сербиянын эң ишенимдүү өнөгү болгон. Андыктан, өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында Босния-Герцеговина, Словения, Хорватия жана Македония күнкорсуздук жолун тандап алышканда, Черногория федерациянын курамында калган. 1992-жылкы референдумда республика калкынын 96 проценти Сербия менен федерацияда болууну колдошкон.
Бирок, Югославиянын мурдакы президенти Слободан Милошевич жүргүзгөн опурталдуу саясаттын кесепетинен Чернория да Улуттар Уюмунун санкциясына кабылат. 1999-жылы Косоводогу кырдаалга байланыштуу НАТОнун учактары Югославияны бомбалай баштаганда, Черногориянын лидери Мило Жуканович биздин бул чатакка эч кандай тиешебиз жок деп, Белграддан күнкорсуз саясат жүргүзө баштайт. Республикада күнкорсуздук маанайы күчөп, 2003-жылы эгемендик боюнча референдум өткөрүлмөк болот. Бирок, Евросоюздун өтүнүчүнө менен референдум үч жыл кийинге калып, ошол эле жылы Сербия жана Черногория конфедерациясы түзүлөт.

Эми, жекшемби күнкү референдумдун жыйынтыгы ырасмий түрдө тастыкталса, Черногория 86 жылдан кийин кайрадан дүйнөнүн саясый картасында өз алдынча мамлекет болууга укук алат. Черногория 1878-1918-жылдары эгемендүү мамлекет болгон.

XS
SM
MD
LG