Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

АМЕРИКАЛЫК БАЗАНЫН ИЖАРА АКЫСЫ КАНЧА БОЛОТ?


Ушул жумада Кыргызстанга АКШнын делегациясы келери күтүлүүдө. Аны менен жолугушууда расмий Бишкек "Манас" аба майданындагы америкалык аскер базасынын ижара баасын сүйлөшөт. Буга чейин кыргыз тарап ижара акысын жүз эсе көбөйтө турганын билдирген.

АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасы "Манас" аба майданына 2001-жылдын аягында жайгаштырылган. Ошол мезгилден бери Вашингтон база үчүн символикалуу баа, айрым маалыматтар боюнча, жылына 2 миллион доллар төлөп келген. Бирок, 2005-жылдагы Кыргызстандагы ыңкылаптан кийин базаны чыгаруу мөөнөтүн тактоо, андан кийин ижара акысын жогорулатуу маселеси коюла баштады.

АКШынын аскерий базасын чыгаруу мөөнөтүн тактоо маселеси өткөн жылы июнь айында Астанада өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинде көтөрүлгөн. Ошол саммиттин жыйынтыктоочу документинде базаны чыгаруу мөөнөтүн аныктоо талабы жазылып, ага ошол кезде президенттин милдетин аткаруучу болгон Курманбек Бакиевдин да колу коюлган. Бул талапка Кыргызстан Кытай жана Россия өңдүү таасирлүү өнөктөштөрүнүн басымы менен барды деп айтылган.

Президент Курманбек Бакиев өткөн жылы АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфельд Кыргызстанга келгенде ижара акысын көтөрүү маселесин койгон. Бирок, бул сунушка жооп болбогондуктан быйылкы жылдын 19-апрелинде президент Бакиев дээрлик ультимативдик мазмундагы билдирүү жасап, эгерде 1-июнга чейин баа боюнча орток пикир табылбаса, база жабылаарын билдирген. Кыргызстан ижара акысын жүз эсеге, тактап айтканда, 2 миллион доллардан 200 миллион долларга көбөйтүүгө умтулууда. АКШнын өкүлдөрү болсо андай сумма реалдуу эмес экендигин бир нече ирет билдирген.

Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында, эки тарап баа маселеси боюнча жумушчу топ түзүп, алар иштеп жатышат:

-Биздин шарттарды аларга айтканбыз. Ошолорду америкалыктар иликтеп жатышат. Алар келгенде баары толук чечилет кудай буюрса. Жалпысынан караганда, эки жак тең орток пикирге келе тургандай шарттар бар,-дейт Исмаил Исаков.

Мына ошол америкалык жумушчу топ ушул жума башында Кыргызстанга келерин президент Курманбек Бакиев 15-майда «Азаттыкка» берген интервьюсунда ачыктаган:

-Америка жактын комиссиясы майдын 20-22де келмек болду. Мен ачык эле сурадым, ушул комиссиянын кандай ыйгарым-укуктары бар. Чече турган маселеге келгенде чече алабы, же бир жума иштеп туруп, биз кеттик, башкалар келип чечиш керек дейби. Жок ушул комиссиянын ыйгарым-укуктары бар дешти. Демек бул акыркы комиссия. Эми алар биз койгон баалардын кайсы бири менен булар макул болот, кайсы бири менен макул болбойт. Аны көрөбүз. Бирок 20-22-майга булар келишет.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынын өкүлү Кошмо Штаттардын делегациясы жума башында эмес, бери болгондо жума соңунда келерин билдирүүдө.

Талдоочулардын пикиринде, эгерде америкалыктар кийинки жума башында сүйлөшүүгө киришүүнү белгилеп жатса, демек алар 27-майга белгиленген кыргыз оппозициясынын митингиси эмне менен аяктаарын күтүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG