«Манас» аба майданынын ижара акысы боюнча сүйлөшүүгө америкалык делегациянын кийинки жумада келери күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадыров 22-майда билдирди. Делегациянын мурда белгиленген мөөнөттө, 22-23-майда келбей калышынын себеби белгисиз. «Кабар» маалымат агенттигинин Россиянын Итар-Тасс агенттигине шилтеме берип жазганына караганда, америкалыктар «Манас» үчүн ижара акыны көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Орто Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучэр билдирген.