Азыркы аткаруу бийлигине жан тарткан айрым саясий партиялардын жер-жерлерде жыйын өткөрүп, парламентти таркатуу демилгеси депутаттардын 22-майдагы отурумунда катуу сынга кабылды. Депутат Өмүрбек Текебаев кесиптештеринин ар бири артынан 10 миңден кем эмес адамды көчө жыйындарга алып чыга алат, деди.
-10 миңден ашуун шайлоочуларыбыз бар. Мындай сандар эмес, 700 миң адамга, ушунча адамга барып жолугуп келебиз. Ошо бийликтин күчү менен жыйнаган адамдарга караганда биз 10 эсе көп адам жыйнайбыз.
Жер-жерлерде ушу тапта өтүп жаткан жыйындарда азыркы бийлик каршылаштарынын дарегине оголе көп кылапат кептер айтылып, бийлик опсуз саясий оюнду баштап алганын депутат Дооронбек Садырбаев да жашырган жок.
- Парламент кетсин деген талап коюлуп атат. Кечээ күнү жалалабаддыктар менин кичине намысыма тийип коюшту. Себеби мен 67 жашка чыкканга чейин Д.Садырбаев элем. Акыркы жумадан баштап мени “Ө.Текебаевдин куйругу” деп атап жатышат. Саясатчылар жакшы иштесе мен бардыгынын эле куйругу болуп бергенге даярмын. Өзүбүз тарап кетели деген сунуш киргиздим.
Жагдай чынында эле кыйын экенин депутат Темир Сариев да белгиледи. Белгисиз бирөөлөрдүн Карабалтадагы спирт заводун граната менен аткылашы кырдаалдын курчтугунан кабар берет, деп айтты депутат Т.Сариев.
- Карабалтадагы спирт заводун жардырыш үчүн жакынкы арада эле үч жолу гранататкыч менен атышыптыр. Гранататкычтар 1986-жылкы “Муха” деген эски куралдар экен, бир жолу атылчу. Жөн эле бир нерседен жарылбай калыптыр. Эгер жарылса Карабалта шаарынын калкынын жарымынан көбү өрттүн ичинде калмак. Бул эмнени айтып жатат? Бул Кыргызстанда ахывал кыйын дегенди айтып жатат.
Президенттик акимчиликти жетектеп турган кезинде Үсөн Сыдыковдун иш бөлмөсүндө өткөн жыйынга Кыргызстандын өнөр жай, тышкы соода, туризм министринин орунбасары Туратбек Жунушалиев да катышкан. Анда айтылган сөздөрдү орунбасар министр мындайча маалымдады.
- 8-майда саат ондо бизди, тизмеде бар министрлерди Үсөн Сыдыков чакырган. Ар бирөөбүздөн сурады эле. Бир гана тактап кетчү нерсе, ошол жерде сүйлөнгөн сөз Е.Семененкодон башкасынын баары кыргызча болчу. Протоколдун баары орусча жазылыптыр.
Депутаттардын жашыруун жыйынында эмне кеп болуп, кандай жыйынтыкка келишкенин парламент төрагасы Марат Султанов жарыя кылды.
- Жабык жыйындын негизинде биз ушундай чечимге келдик. Эгер мүмкүнчүлүк болсо президент, өкмөт менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир форматта сүйлөшүүлөр жүргүзүлсүн, деген чечимге келдик.
Айтса, буга чейин парламент депутаттары мыйзам тартибине сыйбаган жорук жасап, өкмөт мүчөлөрүнүн ар бирине баа коюп, натыйжасы аткаруу бийлигинин аз жерден кризиске капталып калышына алып келсе, бул ирет тарап кетүү демилгесин айрым депутаттардын өздөрү козгоп чыгышты. Ошентип, күн жылыганы эки бийликтин ортосундагы ачык-тымызын тиреш күч алып, кызматтан кетирүү, миңдеген адамдарды көчө жыйындарына алып чыгуу сүрдымагынын күнү тууп жатат. Кыргызстанда элдик ыңкылаптын деми эмдигиче сууй элек.