Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

23-МАЙДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1937-жылы Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу илим Комитети уюшулган. 1945-жылдын бу күнү Улуу ата мекендик согушта жаракат алган адамдарды ташыган акыркы эшелон Фрунзеге келди.

1877-жылдын бу күнү Түркстан крайынын генерал губернатору Кауфман кытай генералы Цзо Цзунга кат жолдогон. Катта кытай бийлигинин Манас шаарындагы дунган калкына жасаган жырткычтыгы айыпталат.

1937-жылы Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу илим Комитети уюшулган. Комитет жетекчилигине, Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Б.Исакеев дайындалып, ар бир тармак боюнча жетекчилер белгиленген. Бирок көп өтпөй алардын басымдуу көпчүлүгү эл душмандары аталып камакка алынган, бир даары атылып кеткен.

1941-жылы борбор шаардын четиндеги Лебединовка айылынынан аккан суудан археологиялык баалуу материалдар табыла баштагандыгы белгилүү болду. Жергиликтүү калк мындай Будданын алтын айкелин, тоту куш кеби салынган алтын шакек сыяктуу кун жеткиз буюмдарды табышкан. Адамдар алардын көпчүлүгүн шаардагы алтын сатып ала турган дүкөндөргө, бир даарын Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу илим Комитетине тапшырышкан.

1945-жылдын бу күнү Улуу ата мекендик согушта жаракат алган адамдарды ташыган акыркы эшолон Фрунзеге келди. Жарадарлар борбор шаардын эвакогоспиталдарына жаткырылып, аларга биринчи жардам көрсөтүлө баштады.

1966-жылы мурдагы Жигулевская, азыркы Субанбердиев көчөсүндө Кыргызполиграф комбинаты ишке киргизилген. Адегенде, ал Фрунзеполиграф комбинаты аталып, анда арак-шарап үчүн этикеткалар чыгарылып, кийин анын аты өзгөргөндөн кийин, комбинатта марксизм-ленинизм классиктеринин эмгектери басылып чыгарыла баштаган.

1987-жылдын бу күнү Советтер Союзу “Америка үну” аталган радиостанциясын жаап келишин токтоткон. Бу күнү, 1707-жылы таанымал швед табият таануучусу Карл Линней, 1921-жылы айтылуу балдар жазуучусу Григорий Чухрай, 1951-жылы шахмат боюнча 12-дүйнө чемпиону Анатолий Карпов жарык дүйнөгө келсе, 1964-жылы теңдешсиз акын, драматург Райкан Шүкүрбеков, 1976-жылы таанымал адабият таануучу, драматург Тазабек Саманчин дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG