Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:54

КОРРУПЦИЯНЫН ТАМЫРЫН КҮЧ МЕНЕН ЭМЕС, ЭЛДИН АҢ-СЕЗИМИН ОЙГОТУУ МЕНЕН КЫРКА АЛАБЫЗ


Эл аралык “Транспаренси интернешнл компани” уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү коррупцияланган өлкөлөрдүн катарына кирет. Айрыкча, коррупция кийинки учурда Кыргызстандын сот системасын чырмоодо.

22-майда кызматтык кылмыштуулук менен күрөшүүчү башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун эки кызматкери пара менен кармалышкан. Бул иш боюнча башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Коррупция сот тармагын да кучагына алгандыгы жана элдин сотторго болгон ишеничи кеткендиги тууралуу мурдатан эле айтылып келсе да, буга чейин сот кызматкерлеринин жоопко тартылган учурлары сейрек кездешчү.

Кээ бир пикирлер боюнча Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү тууралуу мыйзам чала иштелген. Ошондуктан бул мыйзам кайрадан оңдолууга тийиш. Кызматтык кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Камалдиновдун айтымында, сот кызматкеринин үстүнөн башкы прокурор гана кылмыш ишин козгой алат. Ансыз эч бир чара колдонууга мүмкүн эмес. Камалдинов бул тууралуу ойлорун 23-майда Улуттук университетте өткөн “Коррупцияга каршы күрөш: бүгүнкү абалы жана келечеги” деп аталган жыйында ортого салды:

- Жогорку окуу жайында иштеген мугалимдер жана декандар пара менен кармалса, 20 минималдык айлык акыга чейин айып төлөп гана кутулуп кетишет. Ал эми салык инспекциясынын кызматкери 500 сом алганы үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мына ушул жагдайларды кайра карап чыгуу зарыл.

Жогорку Кеңештин депутаты, коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кеңештин төрагасы Рашид Тагаевдин пикиринде мыйзамдарда кездешкен кемчиликтерди аныктоо боюнча иш жүрүп жатат: Кээ бир мыйзамдар бири-бирине кайчы келип, кайсы бирин аткарууга тийиш экениңди билбейсиң. Ошондуктан, текшерип бүткөн соң, парламентке алып чыгабыз.

Кыргызстанда коррупция жогорку бийлик эшелонуна чейин жеткени тууралуу экс-президент Аскар Акаев мындан бир нече жыл мурда айткан эле. Жыйында мурдагы бийлик режими коррупциянын айынан кулаганы да айтылып, бирок март ыңкылабынан кийин келген жаңы бийлик коррупция менен күрөшүүдө алсыздык кылып жатканы, дагы деле болсо эч жыйынтык чыкпай жатканы сынга алынды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов коррупциянын тамырын күч колдонуу менен эмес, элдин аң-сезимин ойготуу менен кыркуу керек деп белгиледи: Эл башын көтөрүп, болгонун болгондой айтышы керек. Ушул жол менен гана биз коррупцияны жеңебиз. Башка жол жок. Элибиз уктаса, башын көтөрбөсө, анда биз коррупцияны эч качан жеңе албайбыз. Эгер эл уктап турса, бийлик билгенин жасайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG