Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

ПАРЛАМЕНТ СПИКЕРИ ИШТЕН КАЧКАН ДЕПУТАТТАРГА ЧАРА КӨРҮҮГӨ ЧАКЫРАТ


Парламент ишине жарым жыл ашуун катышпаган депутатты чакырып алуу түйшүгү өтө татаалдашкан. Ошонун айынан Жогорку Кеңеш жыйындарга себепсиз келбей жүргөн депутаттарды чакыртып алуунун тартибин бираз жөнөкөйлөштүрүү аракетине киришти.

Жогорку Кеңеш регламенти боюнча жарым жыл ашуун жыйындарга катышпаган депутаттарды чакыртып алуу сунушун парламент төрагасы кийинки сессиянын алдында гана киргизе алат. Өтөле татаалдашкан бул жагдайды жөнөкөйлөштүрүү максатында парламент спикери регламентке өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун шейшембиде депутаттардын талкуусуна алып чыкты.

- Жөн эле жүрө берсинби? Эл өзүнүн укугун пайдаланганга акысы барбы? Кеп ушул жөнүндө болуп жатат. Эгер ушул мыйзамды кабыл алып берсеңиздер, биз чечим кабыл алып жиберебиз. Депутаттын тагдырын шайлоочулар өздөрү чечет. Азыр кайра тескерисинче болуп жатпайбы. Округ өзү чече албай жатпайбы. Эгерде депутат ошол округга жакса – аны калтырат. “Эй, ал мага жардам берип жатат”, деп калтырат. Эгер жакпаса, айтат: “Эй, кечирип кой, сен биздин укугубузду коргобой жатасың. Биз башка бирөөнү алалы. Ошол биздин укугубузду коргоп берсин”, дейт,- деп айтты Марат Султанов.

Төраганын жүйөөсүн депутат Аскар Салымбеков ылайыксыз таап, бийликке жакпай калган эл өкүлүн чакырып алуу боюнча миңдеген адамдардын колун топтоп коюштун анчалык деле кыйынчылыгы жок экендигин маалымдады.

- 35 миң кишинин 22 миңи мени шайлады. Нары жакта 13 миң кишиси мага каршы добуш беришти. 13 миң кишинин колун топтойм деп барсаңыз баары кол коюп берет 22 миң кишинин тагдыры каякта калат анда?

Парламент мүчөлөрү эч себепсиз жыйындарга катышпай келаткан депутаттарды коргоонун амалын жасап, жаңы мыйзам долбооруна бут тосуп жатышканын Азимбек Бекназаров жашырбай эле айтып чыкты.

- Анан өзүбүз мыйзамды сыйлабасак. Жасалма справкаларды алып келсек. Керек болсо алдоо жолу менен жөнөткөн кагаздары үчүн жооп бериши керек. Андай справкаларды Орусиядан, Европадан элден уурдаган акчага жөнөтпөй, бул жердеги атайын ооруканалардан алып туруп жөнөтсүн. Депутаттар “кошелекторун” коргоп атат деп саясат кылат. Ошого биз жол берип жатабыз,-деди Азимбек Бекназаров.

Депутат Темир Сариевдун оюнча, мурдагы мыйзамды эле жайына коюп, аны жаңылоонун кажаты жок:- Жанагы эрежени бузуп койгондо эмне болуп чыгат? Мен ошого каршы чыгып жатам.

Бир жылдан ашуун иштеп жаткан парламенттин жыйындарына депутаттар Айдар Акаев, Мурат Малабаев, Ташкул Керексизов катышпай келатышат. Мурат Малабаев чет жерде жүрүп, ооругандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жөнөтүп, шайлоочуларына мурдагыдай эле жардам көрсөтүп жатканын билдирсе, Ташкул Керексизов кез-кез жыйында көрүнүп койгону болбосо дарек-дайнын билдирбей жүрөт. Айдар Акаевдин дайыны белгилүү. Бирок да жеке коопсуздугунан чочулап экс-президенттин уулу парламентке 24-марттан кийин басып келе элек.

- Ал келсе өлтүрүп ташташы мүмкүн. Өмүрү коркунучта. Андан тышкары каматабыз, тигинтебиз-минтебиз деген капкаяктагы сөздөр айтылып жатпайбы,- дейт А.Акаевди коргоо коомдук комитетинин төрагасы Т.Төлөмүшев.

Парламент мүчөлөрү жаңы мыйзам долбоорун талкуулап, бирок да аны кабыл алууну бейшемби күнгө калтырышты.

XS
SM
MD
LG