1856-жылдын бу күнү айтылуу саякатчы Ч.Ч.Валиханов Каркыра суусун бойлоп Ысыккөлгө келген. Саякатчы мындагы жер өзгөчөлүгү жана кыргыз урууларынын абалы, алардын ичара мамилелери туурасында баяндап, бугу манаптары жана жакшылары-подполковник Боромбай Бекмуратов, Муратаалы Бекназаров, Казыбек Шералин, Карач бий, Тилекмат бийлер менен жолуккандыгын кабарлайт.
1919-жылдын бу күнү Ташкент шаарында РКП(б)нын Түркстандагы мусулман уюмунун I аймактык конференциясы ишин баштады. Конференцияда Түркстандык мусулмандардын совет бийлигин курууга катышы, партиялык курулуш жана мамлекеттик бийлик органдарынын түзүлүшү сыяктуу маанилүү маселелер каралган.
1941-жылдын бу күнү Кыргызстан КП (б) ВКнын V Пленуму ишин аяктады. Пленумда СССР ВКП(б) АКсы менен Элдик комиссарлар Кеңшинин “Жергиликтүү сырье эсебинен калкка керектүү товар менен тамак-ашты өндүрүүнү арттыруу туурасындагы” Токтомунун аткарылышы, жазгы себүү, эгин оруу даярдыгы сыяктуу маселелер каралган.
1961-жылдын бу күнү СССР Министрлер Совети Фрунзе пединститутунун базасында Кыргыз мамлекеттик университетин уюштуруу Токтомун кабыл алды. Токтомго ылайык университетке мамлекеттик статус ыйгарылып, анын окуу базасы кеңейтилген жана ал кадрларды даярдоонун борборуна айланган.
1925-жылдын бу күнү РКП(б)нын 13-съездинин чечимине ылайык “Комсомольская правда” гезитинин №1-саны жарык көргөн. Гезит бүткүл совет өлкөсүнүн аймагына тарап, анын беттеринде жаштар проблемасы көтөрүлүп турган.
“Комсомольская правда” Кыргызстандын аймагына да таратылып, ал гезит бүгүнкү күндө да эң окумал маалымдоо каражаттарынын бири эсептелинет. Мындан тышкары гезиттин бир күндүк санына Кыргызстанга байланыштуу тиркеме жарыяланып турат.
24-май славян жазуусу жана маданиятынын күнү катары белгиленет.
Бу күнү, 1905-жылы залкар жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Михаил Шолохов, таанымал акын Иосиф Бродский, 1949-жылы кыргызстандык жазуучу Касым Кушубеков жарык дүйнөгө келген.