Дүйшөмбү күнү жарыяланган маалыматтарга караганда, эгемендүүлүк үчүн шайлоочулардын 55,4 пайызы добуш берген, шейшемби күнү болсо - санала элек добуштардын баары саналып бүттү жана эгемендүүлүктү жактыргандардын саны мурдагыдан да көбөйдү деп жарыяланды - 55,5 пайыз.
Анткен менен Европа Биримдиги тарабынан референдум өткөрүү боюнча комиссияны жетектөөгө дайындалган словакиялык дипломат Франтишек Липканын айтымында, референдумдун жыйынтыктарына каршы чыккандарга арыз берүү үчүн үч күндүк мөөнөт чегерилди. Эгемендүүлүккө каршы болсо азырынча негизинен - Черногорияда жашаган сербдер гана чыгууда. Жумурияттын 620 миң калкынын үчтөн бирин сербдер түзөт, бирок эгемендүүлүккө каршы шайлоочулардын 44,5 пайызы добуш берди.
Буга чейин Черногория менен бирдиктүү мамлекет түзүп келген Сербиянын президенти Борис Тадич жана премьер-министри Воислав Коштуница катуу жарыя жасай элек жана алар - референдумдун расми жыйынтыктарын күтүш керек деген билдирүү менен гана чектелди. Анткен менен Сербиянын каржы министри Младйян Динкич референдумдун жыйынтыктарын кубаттап чыкты.
Черногориянын премьер-министри Мило Жукановичтин айтымында болсо жумурият эми Хорватия, Румыния жана Болгариядан кийин Европа Биримдигине кошула турган жаңы мүчө-мамлекет болот. Сербия дагы Биримдикке мүчө болуп кирүүнү каалайт, бирок ич-ара согуш учурунда көптөгөн аскерий кылмыш жасаган Радован Каражич менен Ратко Младич кармала элек болгондуктан, Сербия алдында тоскоолдуктар пайда болууда жана ошондой кыйынчылыктардан кутулуу максаты дагы Черногорияда референдум өткөрүүнүн себептеринин бири болгон.
Европа Биримдигинин өкүлү Амадеи Тардио 22-май күнү билдиргенге караганда, уюм эми Черногорияга жардам көрсөтүү ишинде өзүнчө программа түзө баштайт. Уюмдун жогорку жетекчилиги болсо референдум тууралуу расми билдирүү жасай элек, бирок Биримдиктин тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавье Солана - Черногория элинин эркин Брюссел кадырлайт деп билдирди: "Европа Биримдигинин атынан биз азырынча - референдумдун жыйынтыктарын биз толук кадырлайбыз деп гана айта алам. Жана биз - аны Черногория элинин эки тарабы тең тааныш керек деп эсептейбиз", - деп билдирди Солана 22-май күнү.
НАТО уюму жана АКШ жетекчилиги дагы азырынча расми билдирүү жасай элек, бирок америкалык Мамлекеттик катчылык - добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болбогонун жактырганын билдирди. Черногория эли болсо эгемендүүлүк жетишилгенин жекшембиден бери майрамдап жатат. "Черногория эли өз эрки менен жумуриятты кайрадан суверендүү жана көз карандысыз мамлекетке айлантты. Бул Черногориянын улуу жеңиши деп эсептейм, бул демократиянын жеңиши, мыйзамдуулуктун жеңиши жана Европа Биримдигинин Черногория гана эмес, бүткүл региондогу принциптеринин жеңиши", - деп жарыялады премьер Жуканович.