Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

ЧЕРНОГОРИЯДАГЫ РЕФЕРЕНДУМДАН ЧЫККАН МАСЕЛЕЛЕР


Нарын АЙЫП, Прага 21-май күнү Черногорияда элдик референдум өткөрүлүп, ал Сербиядан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болууга даярданып жатканда, айрым мурдагы советтик аймактар дагы ошондой жолду жолдош керекпиз деп чыгууда. Абхазия, Түштүк Осетия жана Днестр жумурияттарынын жетекчилери Черногориянын мисалын туу катары көтөрүп, эгемендүүлүк үчүн күрөшүн күчөтүүгө даяр.

Черногориядагы референдумдун жыйынтыктарына бул Балкан жумуриятынын калкынан кем эмес өздөрүн эгемендүү деп жарыялаган Абхазия, Түштүк Осетия жана Днестр жумурияттарынын калкы жана жетекчилери да кубанды. Түштүк Осетиянын тышкы иштер министри Мурат Жиоевдин айтымында, андай референдумду түштүк осетиялыктар мындан 14 жыл мурда, 1992-жылы эле өткөргөн, ошондуктан эгемендүү мамлекет болууга толук укуктуу.

Днестр боюндагы жумурияттын парламентинин спикери Евгений Шевчуктун айтымында, бул жумурият менен Молдова ортосундагы маселе дагы акыр-аягында ушундай саясий ыкма менен чечилет. Черногорияда референдум өткөрүлгөндөн кийин жумурияттын айрым коомдук уюмдары орус президенти Владимир Путинге кат жазып, Днестр боюнда дагы ушундай референдум өткөрүүгө даяр экенин билдиришти.

Абхаз президенти Сергей Багапш дагы Черногория референдумунун жыйынтыктарын кубаттап чыкты жана Абхазия - автономиялар маселесин ушундай референдум жолу менен чечиш керек деген демилгени Косово же Черногориядан алда канча мурда көтөргөнүн белгилдеди.

Анткен менен бул аймактар менен Черногориядагы абал такыр башка экени тууралуу пикирлер да арбын. Биринчиден, Черногория мурда көз карандысыз мамлекет болгон жана анын өз алдынчалык тажрыйбасы бар. Экинчиден, анын суверендүү өлкө болушун сырттан эч башка мамлекет козуткан эмес. Эң негизгиси болсо, анын эгемендүүлүгү тууралуу референдум өткөрүүгө кошуна мамлекет Сербия да макул болгон жана ал кандай аяктаса дагы, анын жыйынтыктарын тааный турганын билдирген.

Грузиянын мурдагы тышкы иштер министри Ираклий Менагаришвилинин айтымында, мындай маселелер башка бирөөнүн мисалы менен чечилбеш керек: "Аны мисалга келтирүү туура эмес жана коркунучтуу. Мындай маселелер ар бир учурда өз алдынча чечилүүгө тийиш, анткени ар бир аймактын өз тарыхы, маданий жана саясий өзгөчөлүктөрү бар. Алардын баарын бирдей кылып чечүү мүмкүн эмес жана аны жалпы саясий деңгээлге чыгаруу өтө коркунучтуу", - дейт Манагаришвили.

Алманиянын Тышкы байланыштар кеңешинин эксперти Александр Раардын айтымында болсо, маселени элдик референдум аркылуу чечүү - эң демократиялык жол, бирок андай референдум чындап эле таза жана адилетүү өткөрүлүүгө тийиш. Черногориядагы референдумдун тазалыгы үчүн Европа Биримдиги жооптуу болгон, Абхазия же Днестрде болсо андай шарт түзүү кыйын, анткени алардын эгемендүүлүк үчүн күрөшү негизинен Маскөө тараптан козутулуп жатат: "Черногориядагы референдум чындап эле демократиялуу болду, анткени европалык уюмдардын көзөмөлү алдында өттү. Абхазия, Түштүк Осетия жана Днестр боюндагы жумуриятта ал азырынча мүмкүн эмес, анткени ага Орусия кийлигишип, андай референдумдун жыйынтыктары бурмаланат деген коркунуч күчтүү", - дейт Александр Раар.

Андан тышкары, эгемендүүлүктү эңсеген андай аймактардын умтулууларын колдоо менен Орусия өзүнүн курамындагы Чеченстан же Татарстан сыяктуу аймактарды да унутпаш керек, дейт эксперттер.

XS
SM
MD
LG