Эгерде Палестин автономиясынын жетекчилиги Израильди расмий таанып, терроризмден баш тартса, Иерусалим аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу Израильдин премьер-министри Эхуд Ольмерт Вашингтондо АКШнын Конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Иран маселесине байланыштуу Эхуд Ольмерт Тегерандын өзөктүк программалары бүткүл дүйнөгө коркунуч туудуруп жатат деген пикирин айтты.